ТИЛ ДОСТУГУ

  • 08.01.2018
  • 0

Жети-Өгүз районундагы «Тил достугу» деп аталган фестивалда ар улуттун балдары кыргыз тилинде ырдашты.

ТИЛ ДОСТУГУ

Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси А.Касымалиеванын  маалыматына караганда, аталган фестиваль 23 жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул ирет Ырдык айылындагы Б.Хазрети атындагы мектепте өтүп, ага райондун 4 мектебинен келген окуучулар катышты. Мында орус, дунган, уйгур улутундагы окуучулар кыргыз тилинде ырдап, бийлешти.

  • Фестивалдын максаты кыргыз тилин даңазалоо, тил достугун бекемдөө болуп эсептелинет. Ар бир башка улуттун окуучусу кыргыз тилинде ырдап, макалдарды жатка айтышты. Эми жыйынтыгында мыкты окуучулар аныкталат, — дейт ал.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер