ТИЛ БИЛГИЛЕР ИШ БИЛГИЛЕРДИ КӨБӨЙТӨТ

  • 24.02.2020
  • 0

Бүгүн филология илимдеринин доктору Үмүт Култаеванын «Тил билги» автордук жогорку мектеби ачылды.

ТИЛ БИЛГИЛЕР ИШ БИЛГИЛЕРДИ КӨБӨЙТӨТ

Жогорку даражалуу кызматкерлерден тартып журналисттерге чейин чала сабат болуп бараткан азыркы кезде дал ушундай мектептин ачылышы коомдогу эӊ орчундуу суроо-талапка татыктуу жооп болчудай. Кыргыз тил эрежелерин кадимки арифметиканын таптак амалдарына окшош, жөнөкөй, жеткиликтүү түшүндүргөн сабактарга катышкандар Үмүт эженин сабактарына өтө жогору баа беришет экен. Видео түрүндө көрсөтүлгөн сабак фрагменттери муну даана тастыктап турат.

ТИЛ БИЛГИЛЕР ИШ БИЛГИЛЕРДИ КӨБӨЙТӨТ

Мектептин ачылышын таанымал окумуштуулар, тилчилер Сулайман Кайыпов, Жеӊишбек Чыманов, Ысмайыл Кадыров бүгүнкү өзгөчө маанилүү окуя деп белгилешти. Үмүт Култаеванын видео-сабактарын көрсөтүүчү ютуб-канал дагы каалаган убакта кирип тил үйрөнгүсү, билгенин өркүндөткүсү келгендер үчүн табылгыс белек болору анык.

Эми тил билгилер иш билгилер менен жөн билгилердин көбөйүшүнө жол ачат деп кубанып турган чагыбыз!

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер