TİKA УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ
- 25.09.2026
- 0
2026-жылдын 23-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координатору болуп жаңы дайындалган Эрсин Чопур мырза расмий иш сапары менен келди. 
Эрсин Чопур мырзаны Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Токтосартович Чонтоев кабыл алды.
Жолугушууга университеттин Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Келдибеков Бакыт Торобекович, Физика жана электроника факультетинин деканы Токтогонов Самат Алмазбекович, Биология факультетинин деканы Сулейманова Шафика Саматовна, Химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы Субанкулова Дилара Автандиловна, Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Элебесова Бурул Бекказыевна жана аталган бөлүмдүн улук окутуучусу Курамаева Фаризат катышты. 
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын, ошондой эле эки боордош элдин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер, билим берүү жана илим тармагындагы өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар Кыргыз улуттук университети менен TİKAнын ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, академиялык жана маданий байланыштарды кеңейтүү багыттарында пикир алышты. 
Ошондой эле жолугушууда университеттин тиешелүү факультеттери жана түзүмдүк бөлүмдөрү менен TİKAнын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, билим берүү жана илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу жана түркология багытындагы байланыштарды мындан ары бекемдөө боюнча пикирлер айтылды.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки боордош элдин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана билим берүү, илим, маданият багыттарындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти.