ТЕМИР ЖОЛЧУЛАР ЛИЦЕЙИНДЕ САНАРИПТИК ТЕСТИРЛӨӨ АЯНТЧАСЫ ИШКЕ КИРДИ

  • 17.04.2026
  • 0

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде заман талабына жооп берген жаңы санариптик тестирлөө аянтчасынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул демилге келечектеги темир жол адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын кесиптик даярдыгын чыңдоо максатында ишке ашырылды.

ТЕМИР ЖОЛЧУЛАР ЛИЦЕЙИНДЕ САНАРИПТИК ТЕСТИРЛӨӨ АЯНТЧАСЫ ИШКЕ КИРДИ

Жаңы аянтча окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жаңылоонун алкагында түзүлүп, заманбап компьютердик техникалар жана атайын программалык камсыздоо менен жабдылды. Анын жардамы менен окуучулардын билимин санариптик форматта текшерүү, тестирлөө жүргүзүү жана жыйынтыктарды ыкчам чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Долбоордун негизги артыкчылыктарынын бири — баалоо системасынын ачыктыгы жана калыстыгы. Санариптик тестирлөө аркылуу ар бир окуучунун билими так жана ыкчам аныкталып, жыйынтыктар автоматтык түрдө чыгарылат. Бул өз кезегинде билим сапатын жогорулатууга жана окутуу процессин жакшыртууга өбөлгө болот.

Мындан тышкары, жаңы аянтча темир жол тармагындагы заманбап талаптарга ылайык окуучулардын маалыматтык технологияларды колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Эми студенттер мамлекеттик аттестацияларга, квалификациялык экзамендерге жана кесиптик сынактарга реалдуу шарттарда даярдана алышат.

Лицейдин өкүлдөрү белгилегендей, жаңы аянтчанын ачылышы окуу жайдын өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул мүмкүнчүлүк жаштардын темир жол тармагында терең билим алып, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп калыптанышына шарт түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы тестирлөө аянтчасынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, окуучулар алгачкы сыноо тесттеринен өтүштү. Бул жаңылык билим берүү системасына санариптик технологияларды киргизүүнүн дагы бир ийгиликтүү мисалы болду.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер