«ТЕМИР КАНАТ» АНСАМБЛИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА 1-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
- 02.07.2026
- 0
2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында дүйнө элдеринин маданиятына арналган «Дүйнө жаңырыгы» эл аралык сынагы өткөрүлдү.
Эл аралык деңгээлдеги иш-чара улуттук маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, искусствону өнүктүрүү, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоону максат кылды.
Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу №1 Балдар искусство мектебинин «Темир канат» комузчулар ансамбли ийгиликтүү катышып, жогорку аткаруучулук чеберчилиги менен айырмаланды. Калыстар тобунун чечими менен ансамбль I орунга татыктуу деп табылды.
Бул ийгилик жаш комузчулардын үзүрлүү эмгегинин, устаттарынын кесипкөйлүгүнүн жана кыргыз улуттук музыкалык өнөрүнүн салттарын татыктуу улантып келе жаткандыгынын айкын далили болуп саналат.
Кенжебек кызы Асел, «Кут Билим»
Комментарийлер