ТАТЫКТУУЛАР СЫЙЛАНДЫ
- 03.10.2020
- 0
2-октябрда Кара-Көл шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы жылдагыдан бөтөнчө белгиленди.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу Мугалимдер күнүнө карата сыйлыктарды тапшыруу салтанаты шаардын ар бир мектебинде өз алдынча аралыкты сактоо менен өттү.
Шаар мектептеринин ар биринде өз-өзүнчө өткөн иш-чарага Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Б.Н. Кыргызалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б. Мырзалиева баштаган ШБББнүн кызматкерлери катышты.
Көп жылдык билим-тарбия берүүдөгү эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен шаардык БӨСМнын машыктыруучусу А.Ж. Карыпбаев, БЧҮнүн директору Г.К. Бердимуратова, Туралы Темиров атындагы №6-мектептин директору Ж.К. Төрөгелдиевдер сыйланышты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен Ч. Түлөбердиев атындагы №2-инновациалык-мектептин биология мугалими А.Т. Жамгырчиева, ШБББнүн башкы адиси Кыргызбай кызы Гулназира жана “Келечек” балдар бакчасынын тарбиячысы К.М. Ширгелдиева сыйланды.
Бул күнү алдыңкы агартуучуларга шаардык кеңештин, шаардык мэриянын Ардак грамоталары да тапшырылды.
Ошондой эле видео-сабактарды YouTube сайтына жарыялаган жаңычыл мугалимдерге усулдук кабинет тарабынан Ардак грамоталар ыйгарылды.
Бул күнкү көңүл толкуткан майрамдык иш-чараларда 1-октябрь “Улгайгандар күнү” да унутта калбады. Мектептердеги ардагер мугалимдерге ШБББнын профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлыктар менен куттуктоо баракчалары берилди.
Улуу муундун учугун улаган жаштарыбыз да эстен чыкпастан, аларга “Жаш адис, тандап алган кесибиңе тартынбай кириш” – деген шыктандыруучу сөздөр жазылган белектер берилди.
Республикалык, областтык предметтик олимпиадада окуучулары байгелүү орунга ээ болгон мугалимдер да областтык усулдук борбордун атайын грамоталары менен сыйланышты.
Областтык “2020-жылдын усулдук кабинети” сынагында Кара-Көл ШБББнын алдындагы усулдук кабинет 3-орунга ээ болсо (жетекчиси: А. Каракозуева) , “2020-жылдын мыкты инновациалык мектеби” аттуу областтык сынактын жыйынтыгында шаардагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2-инновациалык мектеби (жетекчиси: Н.Нусубалиева) 2-орунга ээ болгон. Кесиптик майрамдын урматына экөөсү тең Ардак грамота менен сыйланышты.
А. Алибеков, «Кут Билим»







Комментарийлер