ТАСМАНЫН МЫКТЫ “МАНАС ТААНУУЧУЛАРЫ”

  • 28.03.2023
  • 0

Түп районундагы 10 бала бакчанын кичинекей бөбөктөрүнүн арасында уюштурулган “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук этабы жыйынтыкталды.

Таймашка бала бакчадагы 4-5 жаштагы тарбиялануучулар катышып, үч критерий боюнча даярданышты. Катышуучулар саламдашуу, хор менен манас айтуу жана Семетей бөлүмүнөн сахналаштырылган оюндарды жогорку деңгээлде көрсөтүштү.

Таймаштын соңунда калыстардын калыс баасы менен Тасма айылындагы “Апал эне” бала бакчасы эң мыкты деп табылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер