«ТАШТАНДЫНЫ УТИЛДЕШТИРҮҮ» ТЕМАСЫ СТУДЕНТТЕРДИ КЫЗЫКТЫРДЫ
- 15.11.2024
- 0
2024-жылдын 14-ноябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Н.Ниязова жана ушул эле окуу жайдын 3-курсунун «ЭКО муун» ийриминин мүчөлөрү: Мухтарбек кызы Бактыгүл, Эмилова Айгерим жана Турдалиева Айгерим педагогикалык колледждин студенттерине «Таштандыны утилдештирүү» боюнча конок-лекция окушту.


Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч Исамидинов атындагы ПКМДИнин колледжинин башчысы Мирбек Шарабидинов лекция студенттер үчүн эң кызыктуу жана пайдалуу болгонун баса белгилеп, уюштуруучуларга, конокторго ыраазычылык каттарды тапшырды.
Г.А., “КБ”