ТАШТАН ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

  • 17.05.2021
  • 0

Интеграцияланган билим берүү борборуна кош келиңиздер!

2020-2021-окуу жылына бюджеттик жана контракттык негизде 9-11-класстардын базасында кабыл алууну жарыялайт.

ТАШТАН ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Урматтуу абитуриент!                                                         

Заман талабына жараша билим алуу, кесипти туура тандоо Сиздин алдыңыздагы эң маанилүү учур. Сапаттуу билим, акыл-эс менен адамдык касиет бириккен жерде алдыга койгон максаттардын ишке ашуусуна мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Сизди баардык жактан коомдун талабына шайкеш келген, интеграцияланган билим берүү борборуна чакырабыз.

Биздин колледжде заманбап окуу аудиториялары, китепкана, интернет булактарына туташтырылган компьютердик класстар, спорт зал, жатакана, студенттик ашкана жана башка баардык шарттар түзүлгөн.

Студенттер окуу планынын негизинде шаардын алдыңкы мектептерине жана бала бакчаларына практикага чыгышат. Коомдук, маданий, эстетикалык, спорттук мелдештерде да жигердүүлүгүн көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болуп келе жатышат.

БМПК Сиздерди кабыл алууга даяр!

 

БМПКнын директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Колдошов Түмөнбай Рахманович

ТАШТАН ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

050704 “МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ”

Адистиги: Мектепке чейинки балдардын тарбиячысы

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-класс — 2 жыл, 10 ай, 11-класс — 1 жыл 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-класс — 2 жыл 6 ай

Кирүү сынактары: Кыргыз тили (орус тили), адабиятынан, математикадан тестирлөө.

050303 “ЧЕТ ТИЛИ”

Адистиги: Чет тил мугалими

Профили: Англис тили

Профили: Англис тили/Немец тили

Профили: Англис тили/Түрк тили

Окутуунун формасы: контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-класс — 2 жыл 10 ай, 11-класс — 1 жыл 10 ай

Кирүү сынактары: Чет тилинен жана кыргыз тили (орус тили), адабиятынан тестирлөө.

ТАШТАН ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

050303 “ТЕХНОЛОГИЯ”

Адистиги: Технология мугалими

Профили: Компьютердик дизайндын технологиясы

Профили: Тигүүнүн жана бычуунун технологиясы

Окутуунун формасы: контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-класс — 2 жыл 10 ай, 11-класс — 1 жыл 10 ай

Кирүү сынактары: Кыргыз тили (орус тили), адабиятынан, математикадан тестирлөө.

050601 “МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ”

Адистиги: Музыка мугалими, музыка жетекчиси, бий мугалими, элдик вокал.

Профили: Элдик вокал

Профили: Хореография

Окутуунун формасы: 9-класс — 3 жыл 10 ай, 11-класс — 2 жыл 10 ай

Кирүү сынактары: Музыкалык жөндөмүн текшерүү (угуусу, эске тутуусу, ийилгичтик жана пластика). Кыргыз тили (орус тили), адабияты боюнча тестирлөө

060709 “БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА ОКУТУУ”

Адистиги: Башталгыч класстардын мугалими

Профили: Орус тили мугалими

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-класс — 2 жыл 10 ай, 11-класс — 1 жыл 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-класс — 2 жыл 6 ай

Кирүү сынактары: Кыргыз тили, (орус тили), адабиятынан, математикадан тестирлөө

080721 “Дене тарбия”

Адистиги: Дене тарбия мугалими

Профили: Спорттук журналист

Профили: Спорт судьясы

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай, 11-класс — 1 жыл 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-класс — 2 жыл 6 ай

Кирүү сынактары: Кыргыз тили (орус тили), адабиятынан тестирлөө

БМПК – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ҮНДӨЙТ!

 

КАБЫЛ АЛУУ КОМИССИЯСЫНА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:

— Арыз;

— Мамлекеттик үлгүдөгү билими тууралуу күбөлүк же аттестат;

— Медициналык справка (форма 086-У);

— (3х4) өлчөмүндөгү сүрөт 8 даана;

— Аскердик билет же катталганы боюнча күбөлүгү (аскер милдеттенмелерин алгандар үчүн);

— Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Биздин дарек: Таштан Эрматов атындагы БМПК

Бишкек шаары , И.Ахунбаев көчөсү, 121   http: //bmpk.kg/

Тел.: 0778 18-08-71, 0706 18-08-71, 0558 18-08-71, 0312 56-39-57

Бөлүшүү

Комментарийлер