ТАРЫХЫЙ КАДАМ: МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛОО ПРОЦЕССИ ТОЛУГУ МЕНЕН САНАРИПКЕ ӨТТҮ
- 01.06.2026
- 0
Быйылкы «Акыркы коңгуроо» салтанаты агартуу тармагында чоң жаңылык менен коштолду. Өлкө тарыхында биринчи жолу мугалимдердин эмгегин баалоо толугу менен адам факторусуз, электрондук система аркылуу ишке ашты. «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ачык-айкын тандоосу менен быйыл 105 педагог министрликтин ведомстволук сыйлыктарына татыктуу болду.
Алардын ичинен 52 мугалим Ардак грамота менен сыйланса, 53 агартуучуга «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси ыйгарылды.
Мунун өзгөчөлүгү эмнеде? Буга чейинки кагаз убаракерчилиги артта калды. Бул жолу талапкерлерди каттоодон баштап, алардын тизмесин түзүүгө чейинки жумуштун баарын АИС «Мугалим» системасы өзү эсептеп чыкты. Сыйлык алган мугалимдердин Ардак грамоталары менен төш белгилеринин күбөлүктөрү өздүк кабинеттерине QR-код менен электрондук форматта заматта жөнөтүлдү. Ошондой эле алардын электрондук портфолиосуна автоматтык түрдө кошулду.
Ал эми төш белгилердин (значок) өзү аймактардагы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилип, мугалимдерге толугу менен акысыз тапшырылат.
Бул реформа министрликтин үстүбүздөгү жылдын 28-апрелиндеги №521/1 буйругу менен бекитилген жаңы Жобонун негизинде ишке ашты. Санариптик тутум мугалимдердин кагаздагы эмес, реалдуу жетишкендиктерин — ак ниет эмгегин, кесипкөйлүгүн жана окуучуларынын ийгиликтерин калыс баалоого жол ачты.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер