ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРГА АРНАЛДЫ

  • 18.12.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Алымбек Датканын 220, А.Орозбековдун 130, Т.Усубалиевдин 100 жылдык юбилейине арналган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандар” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРГА АРНАЛДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө алгач көрүнүктүү тарыхый инсандардын тагдыры туурасында студенттер тарабынан сахналык көрүнүш коюлду. Андан соң окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов куттуктоо сөз сүйлөшүп, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалашты.

  • Бүгүнкүдөй гүлдөгөн заманыбыздын келишине зор салым кошкон тарыхый инсандарды эскерип, алардын эмгегин өзүбүздө баалап, өзгөгө даңктоо абзел. Бул сыяктуу улуу инсандарды эскерүү, бүгүнкүдөй конференцияларды өткөрүү учурдагы жаштардын жакшы жолдо, мыкты ийгиликтерди багындырып, патриоттук сезимин ойготуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошот деген терең ишеничтебиз, — дейт өз сөзүндө ректор Б.Зулуев.

Конференциянын 2-бөлүгүндө тарых илимдеринин доктору Абытов Байболот “Алымбек Датканын тарыхый саясий бейнеси”, тарых илимдеринин кандидаты Смадияров Сыдык “Т.Усубалиев доор инсаны”, педагогика илмидеринин доктору Зулуев Бекмурза “Алымбек Датканын медресесинин агартуудагы ролу” деген сыяктуу бир катар баяндамалар окулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер