“ТАРЫХЫЙ ЭС ТУТУМ: САЯСИЙ РЕПРЕССИЯЛАР ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТИ”

  • 12.11.2018
  • 0

Ушундай аталыштагы эл аралык илимий конференция 6-ноябрда КР Улуттук илимдер академиясында өттү.

Иш-чарада учурда саясий репрессиялардын тарыхы, анын кесепеттери жана сабактары жөнүндө түздөн-түз изилдөөгө алган окумуштуулардын билдирүүлөрү, баяндамалары талкууланды.

  • Бүгүн биз өткөн тарыхыбызда “кара так” болуп калган 1920-1930-жылдардагы саясий куугунтуктоолорду талкуулап жатабыз. Өткөн кылымдагы кайгылуу окуялар, саясий куугунтуктарга дуушар болгондор жөнүндө мындан ары да изилдөө биздин социалдык илимдер тармагында иштеп жаткан илимпоздордун, баарыбыздын ыйык милдетибиз болуп эсептелет. Бөөдө курман болгондор жөнүндө илимий монографиялар жазылып, көркөм, даректүү кинолор тартылып, спектаклдер коюлса, алардын жаркын элестери жалпы калкыбызга жетсе экен деген ойдобуз, – дейт тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова.

Илимий жыйындын жүрүшүндө 20-жылдардын аягында башталган саясий куугунтуктоолор Кыргызстан эле эмес, СССРдин бардык аймактарын да камтып, союздук масштабда жүргүзүлгөндүгү, айыл чарбасын коллективдештирүү мезгилинде “кулактарды тап катары жоюу” деген саясат ишке киргенден баштап, жүздөгөн оокаттуу, колунан иш келген кыргызстандыктардын үй-мүлкүн тартып алып, өздөрүн кулак катары Ата мекенинен тышкары – Украинанын Херсон облусуна, Россиянын Оренбург жергесине, Казакстандын Түндүк райондоруна, республикабыздын башка жерлерине сүргүнгө айдашкандыгы жөнүндө баяндалды. 1938-жылы 6-ноябрда СССРде бир топ жылдары жүрүп турган саясий куугунтуктоолор өзүнүн туу чокусуна жетип, Кыргызстандын жүздөн ашык атылып кеткен көрүнүктүү саясий, мамлекеттик, профсоюздук, комсомолдук ишмерлери, өндүрүш, чарба жетекчилерине таазим этүү менен аларды эскерүү экендиги белгиленди.

Конференциянын катышуучулары төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишти:

  • Адам укуктары менен эркиндиктери мамлекеттин жана коомдун эң маанилүү баалуулуктары экендигин эске алуу менен келечекте жогорудагыдай миңдеген адамдардын өмүрүн алган оор трагедиянын кайталанбашы үчүн жана алардан сабак алуу максатында бардык мамлекеттик жана коомдук мекемелерде эскерүү реквиемдерди өткөрүү;
  • Саясий куугунтуктардын курмандыктары жөнүндө изилдөөлөрдү, алар жөнүндө даректүү, көркөм фильмдерди, берүүлөрдү уюштурууну улантуу;
  • Белгилүү саясий, маданий жана коомдук ишмерлер жөнүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сериялык басылма катары чыгаруу;
  • “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин көргөзмө залындагы экспонаттарды жаңы маалыматтар, изилдөөлөр менен толуктоо.
  • КМШ өлкөлөрүнүн окумуштуулары менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын жыйынтыктары боюнча ар бир өлкөдө биргелешкен илимий жыйындарды уюштурууга жетишүү;
  • Советтик доордун тарыхын изилдөөнү улантуу менен анын Кыргызстандын тарыхындагы маанисин, ошону менен бирге оң жана терс жактарын изилдөөнү улантуу жана объективдүү баа берүүнү ыкчамдатуу.
Бөлүшүү

Комментарийлер