ТАРЫХТЫ ОКУТУУ МАСЕЛЕЛЕРИН КАМТЫГАН ВЕБИНАР

  • 27.05.2020
  • 0

26-майда Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык мектебинде тарых мугалими Байымбетов Мелистин «Орто мектептерде Кыргызстан тарыхын окутуу методикасы» деген темадагы вебинары өттү.ТАРЫХТЫ ОКУТУУ МАСЕЛЕЛЕРИН КАМТЫГАН ВЕБИНАР

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, үстүбүздөгү окуу жылында эки мугалимдин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу боюнча семинар уюштуруу пландаштырылган, бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу бул ирет аралыктан өткөрүлдү.
Вебинар ЮТУБдагы «Кара-Көл методист» каналы аркылуу түз эфирге чыгып, катышуучулар онлайн каттоодон өтүшкөн соң, ой пикирлери менен жазуу түрүндө бөлүштү.

ТАРЫХТЫ ОКУТУУ МАСЕЛЕЛЕРИН КАМТЫГАН ВЕБИНАР
Бул күнкү вебинардан материалы китепче катары даярдалып, шаар мектептерине таркатылды.
А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер