ТАРЫХТЫ ДАҢАЗАЛАП, КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ ТАШТАЙБЫЗ

  • 29.05.2020
  • 0

 

ТАРЫХТЫ ДАҢАЗАЛАП, КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ ТАШТАЙБЫЗ

Ош мамлекеттик университетинин онлайн режимде уюштурулган 80 жылдык мааракесинде окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов куттук сөз сүйлөдү:

Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин жетекчилери, профессордук- окутуучулар курамы, студенттери, окуу жайдын ардагерлери, бүтүрүүчүлөрү жана салтанаттуу иш-чаранын кадырлуу коноктору!
Баарыңыздарды сүйүктүү университетибиздин 80 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм.
Мен бул окуу жайдын 1993-жылдагы бүтүрүүчүсүмүн. Ушул куттуу уядан учуп чыгып, турмуштук жолун тапкан миңдеген замандаштарыбыздын бири катары сөз сүйлөө мен үчүн сыймык жана чоң жоопкерчилик. Биздин көпчүлүгүбүз бүгүн Кыргызстандын, дүйнөнүн булуң-бурчунда, ар кандай кесипти аркалап, «Мен ОшМУдан окуганмын» деп сыймык менен айтып жүрөбүз. Себеби ОшМУ, кайда болбойлу, баарыбыздын жүрөгүбүздө.
Бүгүн окуу жайыбыз жөнүндө мага чейин да абдан жакшы маалыматтарды айтып өтүштү!
ОшМУ азыр өлкөдөгү эң мыкты окуу жайлардын катарында!
ОшМУ — билим берүү жана илим багытында үлгүлүү университет!
ОшМУ — маданият менен көркөм өнөрдүн, тарбия менен таалимдин чордону!
ОшМУ — өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткан окуу жай!
Ушул деңгээлге жеткенге чейин ОшМУ узак жана машакаттуу жол басып өткөнү шексиз.
Мыкты жетекчилер, көрүнүктүү илимпоздор, таасирдүү педагогдор окуу жайда дайыма билим, тарбия берип келишкен. Бүгүн ошол жетекчилер, профессорлор менен окутуучулардын майрамы.
Чыгаан студенттер окуу жайдан татыктуу билим алуу менен эле чектелбестен, окуу жайдын жана жалпы эле шаарыбыздын жашоосун кооздоп, көркүнө көрк кошуп келишкен. Бүгүн мына ошол студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн майрамы.
Ошол эле учурда, бүгүн ордолуу Ош шаарынын борборунан орун алган кооз имараттарды эң мыкты абалда кармап, мурдагыдан да кооздоп көркүнө чыгарган, көбүнчө көмүскөдө жүрүп, бирок көп жумушту аткарган багбандар менен тазалыкты кармаган мээнеткеч айымдардын, администрациялык-чарба кызматкерлеринин, китепкана, лабораторияларда иштеген кызматкерлердин майрамы! Биз адамзатка керемет сезимдерди, рухий дүйнөбүздү толтурган кызматкерлерге дайыма таазим этебиз. (Келиңиздер, бүгүн ошол азаматтарды эстеп, алкыш айталы!)
Албетте, артка кылчайып көз салсак, ОшМУ 80 жыл бою регионго, өлкөгө, керек болсо дүйнөгө атагы чыккан белгилүү инсандарды өстүрүп чыкканын көрөбүз. Окуу жайдын пайдубалын түптөгөн жана андан ары өнүктүргөн ардагерлердин баарына терең таазим. Университетибиздин 80 жылдыгын майрамдап жатканыбызда, бай тарыхыбызды даңазалап, азыркы жетишкендиктерге кубанып, алдыдагы чакырыктарга даяр туруп, ишенимдүү кадам таштоо керек экенин баарыбыз билип турабыз.
Азыр эртеңки турмуш кандай нукта өнүгөөрүн эч ким анык айта албай турган чак.
Муну биздин азыркы аземге катышып жатканыбыз далил кылат. Бир жыл мурда университеттин жетекчилери менен баарлашканымда, 80 жылдыгын уюштурабыз, өтө эсте калаарлык маараке өткөрөбүз деген мега пландарын угуп, абдан куштар болгон элем. Азыр эми дүйнө жүзү үйдө олтуруп онлайн режимге өткөнүнө байланыштуу, ушул аземдүү иш-чараны ар бирибиз компьютер жана башка гаджеттердин экранынан байкап отурабыз! Карасаңыздар, ОшМУ биринчилерден болуп ушундай үлкөн аземди онлайн нугунда өткөрүүдө. Англис тилинде бир акыл сөз бар, котормосу мындай: «Эгер жамгыр токтобостон нөшөрлөп жаай турган болсо, анда көлчүктөрдө секирип ойногула». Уинстон Черчиль айткандай, «Ар бир кыйынчылыктан мүмкүнчүлүк издей» турган заман болууда. Азыр дүйнө жүзүнүн окуу жайларынын көпчүлүгү шар үйрөнүп кете албай кыйналып жаткан онлайн окутууну ОшМУнун мыкты адистери 10 жыл мурда эле билип, колдоно баштагандыгын да айта кетели.
Ошентип, алдыда кандай заман болсо да, коом менен жашоо кандай нукта өнүксө да, кандай татаал кыйынчылыктарга туш келсек да, бул окуу жай ошол өзгөрүүлөргө дайыма даяр, керек болсо байсалдуу көчтүн алдында болот деп терең ишенем.
Акырында айтаарым, асыл ой, талыкпас эмгектин ордосу болгон окуу жайыбыздын келечеги кең. Университеттин 80 жылдык мааракеси талыкпас изденүүнүн үлгүсү гана болбостон, мындан ары да мамлекетибизге, элибизге үзүрлүү эмгектенүүгө дем, күч берип, жаӊы ийгиликтерге шыктандырсын!

ТАРЫХТЫ ДАҢАЗАЛАП, КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ ТАШТАЙБЫЗ

Төмөнкү саптарды ОшМУга арнайм:
Өмүрүм сени менен байланышып,
Келечек пайдубалын салганыңа,
Мен кандай өзгөчө бир бактылуумун
Буюруп сенден билим алганыма.

ОшМУ, өнүгүп өсө бер, көп жаша!

Бөлүшүү

Комментарийлер