ТАРБИЯНЫН ЖАКШЫСЫ — ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ
- 06.12.2023
- 0
Тогуз -Торо районундагы N11 Саймалуу-Таш орто мектебинде тарбия иштери боюнча «Тарбиянын жакшысы — тагдырдын ачкычы» аттуу семинар өткөрүлдү.
Маалыматка таянсак, семинардын негизги максаты — инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн калыптандыруу үчүн сапаттуу билим жана тарбия берүү. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери Таалайкүл Какаева, Нурболот Азизов жана ар бир мектептен класс жетекчилер келип катышты.
Семинардын биринчи бөлүгүн тарбия иштеринин уюштуруучусу Махабат Сатарова ачып, семинардын катышуучуларына ийрим жетекчиси Даанагул Алмазбекова окуучулар менен биргеликте «Кылым карыткан кыргызым» аттуу чакан программадагы концертин тартуулашты . Семинардын экинчи бөлүгүндө 6-класска Азамат Жоломанов «Кеп маданияты», Мирбек Турапбаев «Тогуз коргоол» боюнча тарбиялык сааттарды өтүшсө, Элмира Өмүрова «Аалам жылдызы — Чыңгыз Айтматов» интеллектуалдык акыл ордо оюнун, Кардыгач Манапбаева «Баланы тарбиялоодо ата-эненин ролу» жана Махабат Сатарова «Зордук зомбулуксуз тарбиялоо» тренингдерин өтүштү.
Семинар «СПИДди бирге жеңебиз» аттуу флешмоб менен жыйынтыкталды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер