ТАМЕКИНИН ЗЫЯНЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 10.02.2020
  • 0

Ак-Суу районундагы Б.Мамытов атындагы Ак-Булак орто мектебинин мугалимдери Айылдык ден соолук комитети менен тыгыз иш алып барышууда. Алар айрыкча кыш учурундагы жугуштуу илдеттерди ата-энелердин, окуучулардын катышуусунда талкууларды байма-бай жүргүзүп турушат.

Ак-Суу районундагы Б.Мамытов атындагы Ак-Булак орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Ырыскүл Кадыркулова өзү жана кайненеси АДК мүчөсү болгондуктан жана деги эле саламат жашоо сабактарына өзгөчө көңүл бургандыктан, ушул темага аябай кызыгаарын айтат.

ТАМЕКИНИН ЗЫЯНЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

— Биздин мектепте кечээ жакында эле Айылдык ден соолук комитетинин кызматкерлери жана мен окуткан балдардын ата-энелери болуп, тамекинин зыянын талкуулаган жолугушуу уюштурдук. Анда жеке эле тамеки темасы талкууланбастан, жугуштуу оорулардын түрлөрү, анын ичинде, коронавирус ж.б. коомдук жайлардан жугузуп алуу коркунучу бар илдеттер жана жалпы эле балдардын физикалык активдүүлүгүн жогорулатууга байланыштуу темаларды да көтөрдүк. Менимче, мындай жолугушуулар ар дайым керек жана окуучулар үчүн пайдалуу болору анык. Мындай теманы мектепте эле козгобой, ар бир үй-бүлөдөгү ата-энелер да балдарына байма-бай айтып турушу керек,-дейт Рыскүл Жумалиевна.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”    

Бөлүшүү

Комментарийлер