ТАМЕКИ – ӨМҮР ДУШМАНЫ

  • 03.02.2020
  • 0

Кочкор районундагы Ак-Чий орто мектебинин  9-10-11-класстын окуучулары келечекте кандай кесиптин ээлери болоорун тандап  кызыгып келишет. Жогорку класстын окуучулары мына ушундай кесип тандоо менен келечекте коомго ким кандай пайда келтире алышаарын мектеп окуучуларына  “Тамеки — өмүр душманы” деген темада прессконференция өтүү менен далилдей алышты.

ТАМЕКИ – ӨМҮР ДУШМАНЫ

Мектептин тарбия иштеринин уюштуруучусу Жунушов Гүлжигиттин жылдык планында каралган иш-чараны мектептин өзүн өзү башкаруу уюмунун жетекчиси Садыкова Бурул  9-10-11-класстын окуучулары менен бирдикте өткөрдү.

ТАМЕКИ – ӨМҮР ДУШМАНЫ

— Пресс-конференцияда келечекте мугалимдик кесипти  тандаган Болотбек уулу Бактияр тамекинин зыяндуулугун, айылда  имам болом деген окуучу Атай уулу Данияр тамеки чеккен адамдын диндеги орду, окумуштуу илимпоз болом деген окуучу Жусупбеков Фридон тамекинин пайда болушу, экономист кесибин тандаган окуучу Турусбек кызы Нурайым тамекини күндө бир пачка чексе  канча сом сарпталаарын, жыл бою канча чыгым болоорун, кайра дарыланууга кеткен чыгымы, мынча кеткен чыгымдын үй-бүлөгө тийгизген терс таасирлери, ырчылык өнөрдү тандаган Осмонова Акшоола, милиция кесибин тандаган Аманбек уулу Жылдызбек тамекинин зыяндуулугун, мыйзамдуулугу жөнүндө түшүндүрүп беришсе, дарыгерлик  кесипти тандаган Медербек кызы Наргиза тамекинин зыяндуулугу  жөнүндө чыгарылган дубал газеталардын ар бирине токтолуп жактап берди. Журналист кесибин тандаган окуучу Урматбек кызы Калия  мугалимдерден, окуучулардан, ФАПтын кызматкеринен алган интервьюсун видео аркылуу  чагылдырып көргөзүү менен мугалимдер жана окуучулар арасынан тамеки чеккендер жок экендигин баса белгилеп айтып берди, — дейт мектептин директору Дайырбек Айдарбеков.

ТАМЕКИ – ӨМҮР ДУШМАНЫ

ТАМЕКИ – ӨМҮР ДУШМАНЫ

ТАМЕКИ – ӨМҮР ДУШМАНЫ

”2020-жыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата жогорку класстын окуучуларынын келечек кесип ээлеринин  “Тамеки — өмүр душманы” деген темада пресс-коференциясы мугалимдерди, окуучуларды кайдыгер калтырган жок.

Пресс-коференциянын өтүлүшүнө мугалимдер, окуучулар мектеп администрациясы ыраазычылыктарын билдирип,  жакшы бааларын беришти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер