ТАЛАСТА УКМКНЫН БАЛА БАКЧАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 14.11.2024
  • 0

Талас шаарында 150 орундук «Мекен» бала бакчасынын ачылыш аземи болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу бала бакчанын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

К.Ташиев өз сөзүндө УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарынын жакшыртылып жатканы алардын кызматтык күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө түзөрүн белгилеп, республикабыздын бардык аймактарында УКМКга караштуу мына ушундай бала бакчалар ачыларын айтты.

Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук аяктаган “Мекен” бала бакчасынын жалпы аянты 25 сотых, ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер