Таласта 19-Аскерге чейинки даярдоо каанасы ачылды
- 30.09.2025
- 0
2025-жылдын 26-сентябрь күнү Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектепте 19-Аскерге чейинки даярдоо (АЧД) каанасы салтанаттуу түрдө ачылды.

Бул иш-чараны уюштуруп, демилге көтөргөн тарап — Жайлообай Эшанкулов жетектеген «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси, ал эми демөөрчү катары майор Дамир Шадыбеков жана анын үй-бүлөсү чоң салым кошушту.
АЧД каанасын ачуудагы негизги максат — жаштарды мекенчилдикке, Ата Мекенди сүйүүгө, жана аскердик милдетти так аткарууга үндөп, аскерге чейинки билим берүү аркылуу мекенди коргоого даяр жаштарды тарбиялоо болуп саналат.

Буга чейин «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин демилгеси менен Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 18 АЧД каанасы ачылган. Талас облусундагы бул — 19-каана болуп эсептелет.
Салтанаттуу ачылыш аземине
«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы — Жайлообай Эшанкулов;
Коомдук бирикменин Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча координатору — полковник Матибраимов Маматсабыр Раимбекович;
Ош облустук төрагасы — капитан Эргешов Абдыкалык Шакирович;
Коомдук бирикменин мүчөсү — запастагы капитан Гүлзина Акматовалар катышты.

Алар жаш өспүрүмдөргө мекенди коргоо — ар бир жарандын ыйык парзы экендигин баса белгилешти.
Ошондой эле иш-чарага:
Манас районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары — Батырбекова Азия Асемкуловна;
Манас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы — Замирбек Маркашов;
Айыл өкмөт башчысы жана Манас районунун аскер комиссары — майор Нургазы Кыбалов;
Мектеп директору — Жаманкараева Жаңылай;
Айыл аксакалдары жана мектеп жамааты катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө
«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төш белгилери, ардак грамоталары тапшырылды.

Агартуу министри Кендирбаева Догдуркуль Шаршеевнанын атынан капитан А. Эргешовго жана Г. Акматовага ыраазычылык каттар берилди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбектин атынан полковник М. Матибраимовго ыраазычылык кат тапшырылды.

АЧД каанасын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн мектеп директору Жаңылай Жаманкараевага ыраазычылык билдирилди.
Иш-чара патриоттук маанайда өтүп, жаштар арасында аскердик даярдыктын маанилүүлүгү дагы бир ирет баса белгиленди.
(БК)







Комментарийлер