Талас: ЖРТдан жогорку балл алган окуучулар менен алардын мугалимдери сыйланды
- 01.07.2025
- 0
30-июнда Талас шаарындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар салтанаттуу тапшырылды.

Иш-чара №1,№2 жана А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде өтүп, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, мэриянын аппарат жетечиси Эрлан Жаманбалаев ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов катышты.
Иш-чарада Талас облусу боюнча ЖРТНдан эң жогорку балл алган Р. Рысакова атындагы №2 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ашымов Мансур Мэрия тарабынан акчалай сыйлык жана билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал 231 упай топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болгон.
Ошондой эле ЖРТдан жогорку балл алган башка бүтүрүүчүлөр жана аларды даярдаган мугалимдер да сыйланды.
Бөлүшүү
Комментарийлер