ТАЛАС ЖАНА НАРЫН ОБЛУСТАРЫНЫН 250 ПЕДАГОГУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТАТ

  • 25.11.2022
  • 0

2022-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин “Россия-Кыргызстан: тил, предмет, билим” долбоорунун алкагында Нарын жана Талас облустарынын мугалимдери үчүн квалификация жогорулатуу курстары өткөрүлөт.

ТАЛАС ЖАНА НАРЫН ОБЛУСТАРЫНЫН 250 ПЕДАГОГУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Катышуучулар окутуунун жүрүшүндө функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, анын ичинде окуу, математикалык, табигый илимдер, мектептерде STEM билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Россиянын тажрыйбасын өздөштүрө алышат.

Курстарды А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин адистери өтөт.

Бул квалификация жогорулатуу курстары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасындагы Росскызматташтыктын өкүлчүлүгү жана А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер