«ЖАКШЫЛЫККА БИР КАДАМ»: КАЙРЫМДУУЛУК — ТАРБИЯНЫН ЖАНДУУ САБАГЫ
- 29.11.2026
- 0
Жакшылык чоң сөздөн эмес, чакан кадамдан башталат. Муну Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары жана педагогдору дагы бир жолу далилдеди.
2026-жылдын 16-ноябрында мектептин директору, мугалимдер жана окуучулар Чүй облусунун Сокулук районундагы Маловодное айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборуна кайрымдуулук сапары менен барышты. Иш-чара «Жакшылыкка бир кадам» деп аталды. 
Борбор жөнүндө
Маловодное айылындагы бул социалдык мекеме элдин колдоосуна абдан муктаж десек да болот . Борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана балдарга кам көрөт. Мындай мекемедеги адамдар үчүн кызматкерлердин мээнети гана эмес, коомдун көңүл буруусу, жылуу сөзү жана практикалык колдоосу да маанилүү.
Каражат кандайча чогулду?
Кайрымдуулук иш-чарасына мектептин бардык классынын окуучулары катышты. 1–7-класстардын окуучулары «Күз берекеси» жарманкесин уюштурушуп, андан түшкөн каражат кайрымдуулук максатында чогултулду. 8–11-класстардын окуучулары демилгени колдоп, ар бири 500 сомдон салым кошушту. Сумма өзүнчө чоң көрүнбөшү мүмкүн, бирок кичүүсүнөн чоңуна чейин ар бир окуучунун катышуусу иш-чаранын чыныгы баасын түзөт. 
Эмне сатылып алынды?
Чогулган каражатка жылуу байпактар, салфеткалар жана күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар сатылып алынды. Кышка бет алган мезгилде жылуу кийим жана керектүү буюмдар өзгөчө маанилүү. Белектер борборго жеткирилип, тапшырылды.
Борбор жетекчисинин ыраазычылыгы
Мекеменин жетекчиси Бурулуш Туманова мектеп жамаатына жана окуучуларга ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө жаш муунга тарбия берүүнүн маанисине токтолуп, мындай деди:
«Балдарга тарбия берүүдө окуучуларда боорукердикти, ыймандуулукту жана ден соолукка кам көрүүнү ар дайым үйрөтүү керек. Бирок муну айтып гана коюу жетишсиз, аны иш жүзүндө көрсөтүү окуучулардын сезимин ойготот. Тарбиялоонун эң мыкты жолу — ушул».
Жетекчинин сөзү иш-чаранын маңызын так ачып берди: окуучулар кайрымдуулук жөнүндө угуп гана калбастан, аны өз колу менен жасап көрүштү. 
Окуучулар эмнени сезишти?
Сапардан кийин окуучулар өз таасирлери менен бөлүшүштү. Алардын сөзүнөн бул жолугушуу балдардын жүрөгүнө терең таасир калтырганы байкалат.
Борборго барганда көргөндөрү окуучулардын жүрөгүн козгоп, өз жашоосуна башкача карап калууга түрткү берди. Алия Абдразакова мындай деп бөлүштү:
«Ал жакка барганда ар кандай тагдырдагы адамдарды көрүп, жүрөгүм абдан ооруду. Алардын жашоосун көрүп, ден соолук, үй-бүлө жана жакындарыбыздын бар экендиги канчалык чоң бакыт экенин түшүндүм. Ошол эле учурда алардын жүзүндөгү жылмаюуну көрүп, кубанып кеттим. Биздин кичинекей көңүл буруубуз да алар үчүн чоң кубаныч тартуулай аларын сездим».
Нурислам Касымов өтө чоң таасир алганын, берилген ден соолукка шүгүр кылууга үйрөнгөнүн билдирди:
«Майыптар үйүнө барганда мен өтө чоң таасир алдым. Кудайым берген ден соолукка шүгүр деп, Кудайга миң жолу шүгүр айттым. Аларды Кудай жөн жаратпаганын да түшүндүм. Алар бул дүйнөдө ушундай болушса да, бейиштик жандар экенин билдим».
Жаңыл Эсенкулова мындай жерге биринчи жолу барганын айтып, балдарга өзгөчө мамиле менен карап, аларды колдоо керектигин белгиледи:
«Мен эч качан мындай жерлерге барып көргөн эмесмин, бирок барганда Аллах кандай сыноолорду берерин көрдүм. Балдарды көрүп бир жагынан жаман болсом, экинчи жагынан бул да Алланын берген сыноосу деп түшүндүм. Бул балдарды майып эмес, өзгөчө балдар деп айткым келет. Кээ бир балдар апасынын кучагынан чыкпай отурушту. Биз бул балдарга жардам берип, көңүлүн которуп туруу керек экендигин сездим. Ал жакта бизге карап, күлүп жүргөндөр да болду, аларга кучагымды жайып, бекем кучактагым келди».
Каражат чогултуу окуучулардын ортосундагы ынтымакты да көрсөттү. Алия Абдразакова бул жөнүндө:
«Каражат чогултуу учурунда классташтарымдын, мугалимдерибиздин жана кайрымдуу адамдардын бир максатка биригип, чын дилден жардам бергени өзгөчө эсимде калды. Ар бир адамдын кошкон салымы маанилүү экенин түшүндүм. Эң негизгиси, жардамдын көлөмүндө эмес, анын чын жүрөктөн берилгенинде экен».
Жаңыл Эсенкулова да бул ойду колдоп:
«Каражат чогултууда окуучулардын ар бири бере алышынча беришти. Биз кээде урушсак да, таарынсак да, бирөөгө жардам берүүгө келгенде, болушунча биримдигибизди көрсөткөнүбүз эсимде калды».
Окуучулар мындай жакшылык иштерин кийин да уюштургусу келерин билдиришти. Алия Абдразакова кайрымдуулук жаштарга да жеткиликтүү экенин белгиледи:
«Ооба, албетте, дагы ушундай кайрымдуулук иштерин уюштургум келет. Анткени бирөөгө жардам берүү, муктаж адамдын жүзүнө жылмаюу тартуулоо — чоң бакыт. Биз жаш болсок да, коомго пайдабызды тийгизе алабыз. Башка окуучуларды да кайрымдуу, боорукер жана жардам берүүгө даяр болууга чакырат элем. Менимче, жакшылык кылуу үчүн бай болуштун кереги жок, эң башкысы — жүрөгүңдө мээрим болушу керек».
Нурислам Касымов келечекте да мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук кылууга аракет кыларын айтты:
«Мен келечекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга болушунча кайрымдуулук кылууга аракет кылгым келет жана кылам».
Жаңыл Эсенкулова кийинки сапарда балдарга оюн уюштуруп, мектеп директорунун сунушу боюнча концерттик программа менен барууну сунуштады:
«Ооба, дагы уюштуруп баргым келет. Бул балдар да биздей, алар да ойногусу келет. Аларга оюн уюштуруп барсак сонун болмок. Мектебибиздин директору айткандай, концерттик программа менен барсак өтө жакшы болот эле». 
Сапардын мааниси жөнүндө:
«Мындай иш-чаралардын баасы акчанын көлөмү менен гана өлчөнбөйт. Окуучулар өздөрү чогулткан каражатка сатылып алынган белектерди тапшырып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен түз жолугушканда, боорукерлик, жоопкерчилик жана ынтымак түшүнүктөрү китептен окулган сөздөр эмес, жашоонун өзүнөн алынган сабакка айланат. Мектептин негизги максаты да ушунда» —деп мектеп директору Джолчубекова Айдай билдирип өттү. Окуучуларды кайрымдуулукка, боорукерликке, мээримдүүлүккө, ынтымакка жана коомго пайдалуу иштерге активдүү катышууга тарбиялоо. Жакшылык кылуу чоң байлыкты талап кылбайт, ал чын жүрөктөн чыккан мээримден башталат. Окуучулардын жана ата-энелердин колдоосу менен ишке ашкан бул демилге ар бирибизди кайрымдуу болууга үндөйт. Бул иштин башында туруп демилге көтөргөн тарбия иштери боюнча директордун орун басары Азатбек кызы Сайкалга ыраазычылык билдирип ,ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Мектеп жамааты иш-чараны уюштурууга жана колдоого салым кошкон бардык окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге терең ыраазычылык билдирет.
Жакшылыкка бир кадам — адамгерчиликке миң кадам!
Нурайым Кеңешбекова
Зарина Соорбекова