СОКУЛУК: МЕКТЕПТЕГИ ОРУН ТАРТЫШТЫГЫ МАСЕЛЕСИ ЖЕРИНЕН КАРАЛДЫ
- 29.11.2026
- 0
Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын санынын долбоордук сыйымдуулуктан ашып кетиши, кошумча окуу имаратына болгон муктаждык жана билим берүү процессинин уюштурулушу тиешелүү жетекчилердин катышуусунда жеринен каралды.
27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараеванын демилгеси менен Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев жана Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев мектепке иш сапары менен келишти. 
Иш сапардын негизги максаты — мектептеги орун тартыштыгы, окуучулардын санынын долбоордук сыйымдуулуктан бир топ ашып кетиши, билим берүү процессинин үч сменде уюштурулушу, ошондой эле окуу шарттары жана мектептин инфраструктурасы менен жеринен таанышуу болду.
Мектеп директору Айдай Джолчубекова билим берүү мекемесинин учурдагы абалы, окуучулардын санынын өсүшү, материалдык-техникалык базасы, окуу процессин уюштуруудагы өзгөчөлүктөр жана келечектеги муктаждыктары тууралуу кеңири маалымат берди. 
Мектеп директору Айдай Джолчубекова:«Биздин мектептин долбоордук сыйымдуулугу 150 окуучуга ылайыкталган. Бирок бүгүнкү күндө мектепте 500гө жакын окуучу билим алууда. Акыркы жылдары жакынкы сегиз багбанчылык дачасына жана социалдык шаарчага калктын жигердүү отурукташуусунун натыйжасында окуучулардын саны кескин өстү.
Учурда окуучуларыбыз үч сменде билим алууга аргасыз. Бул, албетте, билим берүү процессин уюштурууда бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. 
Ошол эле учурда мектебибиздин жамааты өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылып, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, сапаттуу билим жана тарбия берүүгө аракет кылып келет. Мугалимдерибиз жогорку билимдүү, тажрыйбалуу адистер. Окуучуларыбыз дилгир, зээндүү, билимге умтулган, ар тараптуу таланттуу балдар.
Биздин негизги тилегибиз — балдарыбыздын заманбап, кеңири жана коопсуз шарттарда билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү. Анткени ар бир бала сапаттуу билим алууга татыктуу», — деди мектеп директору. 
Санариптештирүү билим берүүнүн – маанилүү багыты.
Иш сапардын жүрүшүндө Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев мектепте АИС «Күндөлүк» электрондук системасынын жүргүзүлүшү менен да практикалык жактан таанышты.
Ал мектеп директорунан электрондук системадагы мектеп боюнча маалыматтардын толтурулушу, чейректик көрсөткүчтөр, класстар боюнча мониторинг, электрондук журналдардын жүргүзүлүшү жана маалыматтардын актуалдуулугу тууралуу маалымат алды.
Системанын иш жүзүндө колдонулушу менен жеринде таанышып, электрондук журналдардын абалын жана маалыматтарды киргизүү процессин тактады. Ошондой эле электрондук күндөлүктү натыйжалуу жүргүзүү, маалыматтарды өз убагында жана туура толтуруу боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү берип, тиешелүү методикалык маалыматтар менен бөлүштү.
Бул багыттагы иш-аракеттер билим берүү процессин санариптештирүүгө, мектептердеги маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана тактыгын камсыздоого, башкаруу иштерин системалаштырууга багытталган. 
Маселе IV Элдик курултайда көтөрүлгөн.
Белгилей кетсек, аталган мектептеги орун тартыштыгы маселеси буга чейин да жогорку деңгээлде көтөрүлүп келген. Тактап айтканда, 2025-жылы IV Элдик курултайдын делегаты Асылгул Жаныбаева мектептеги окуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу орун тартыштыгы көйгөйүн жогорку трибунадан көтөрүп, тиешелүү жетекчилердин көңүлүн бурган.
Бул демилге мектептин көйгөйүн коомчулукка жеткирүү жана аны чечүү жолдорун издөө багытындагы маанилүү кадамдардын бири болгон.
Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараеванын демилгеси менен тиешелүү жетекчилердин мектепке келип, абал менен жеринен таанышуусу аталган маселени чечүүгө багытталган аракеттердин уландысы болуп саналат.
Мектептин долбоордук сыйымдуулугу 150 орунду түзүп, учурда 500гө жакын окуучунун билим алып жатышы кошумча окуу имаратына болгон муктаждыкты айкын көрсөтүп турат.
Мектеп директору Айдай Джолчубекова мектептин көйгөйлөрүнө көңүл буруп, аны чечүү багытында демилге көтөрүп, жеринен таанышууга келген жетекчилерге мектеп жамаатынын жана ата-энелердин атынан терең ыраазычылык билдирди. 
Айрыкча, Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараевага мектептеги көйгөйдү жогорку деңгээлде көтөрүп, демилге көрсөткөнү үчүн; Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевге, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевге жана Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиевге билим берүү тармагына жана мектептин өнүгүшүнө көрсөткөн көңүл буруусу, колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Мектеп жамааты бул жолугушуу орун тартыштыгы маселесин чечүүгө, кошумча окуу имаратын куруу демилгесин алдыга жылдырууга жана балдар үчүн заманбап, коопсуз, ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган маанилүү кадам болот деп ишенет.
Билим берүү — келечекке салынган эң маанилүү инвестиция. Ар бир балага татыктуу билим берүү шартын түзүү — мамлекеттин, коомчулуктун жана жалпыбыздын орток милдетибиз!
Айсулуу Шаршеналы кызы
Зарина Соорбекова