БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫЛАНУУ, САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖАНА САПАТТУУ БИЛИМ – БАШКЫ БАГЫТ
- 29.11.2026
- 0
Сокулук районунда билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, жетекчилер үчүн ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Сокулук районундагы Кожомкул жалпы билим берүү мектебинде райондук билим берүү тармагынын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, башкаруу ишин санариптештирүү, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү жана окуучуларды республикалык деңгээлдеги сынактарга даярдоо маселелери кеңири каралды. 
Кеңешменин алкагында алгач билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келген Сабира Молдалиева юбилейлик жаш курагы менен куттуктоо сөздөрүн кабыл алып, мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун аяктап, ардактуу эс алууга узатылды. Анын көп жылдык үзүрлүү эмгегине ыраазычылык билдирилип, мындан аркы жашоосуна бакубатчылык, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт кааланды.
Андан соң Марат Усеналиев Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы жетектөөчү адиси Венера Асанова, жаңы адис Мээрим Сексекова, Москва жана Сокулук райондорунун методикалык кабинеттеринин биригүүсүнүн негизинде жаңыдан түзүлгөн Чүй билим берүүнү өнүктүрүү борборунун жаңы жетекчиси Рыскүл Белекованы жана борбордун кызматкерлерин катышуучуларга тааныштырды.
Бул түзүмдүк өзгөрүү билим берүү мекемелеринин усулдук ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана педагогдорго методикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Андан соң кеңешмени Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев улантып, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерге токтолду.
Ошондой эле кеңешмеге Levelgo окуу борборунун адистери катышып, мектеп жетекчилерине окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) жана предметтик олимпиадаларга даярдоонун заманбап жолдору тууралуу маалымат беришти. Теориялык түшүндүрмөлөр практикалык көрсөтмөлөр менен коштолуп, адистер даярдоо иштерин жеринде көрсөтүп, натыйжалуу иш алып баруунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты.
Санариптештирүү багытында Назира Абдыкерим кызы АИС «Күндөлүк» системасы менен иш алып баруу боюнча маалымат берип, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып ар бир мектеп жетекчисинин санариптик ишмердүүлүгү үзгүлтүксүз мониторингге алынарын белгиледи. Анын айтымында, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы байма-бай талданып, тиешелүү баалоолор чыгарылып турат. Бул талап мектептердеги маалыматтардын тактыгын, иш кагаздарынын электрондук форматта сапаттуу жүргүзүлүшүн жана жетекчилердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Кеңешменин жыйынтыктоочу бөлүгүндө Марат Усеналиев сапаттуу билим берүүнүн негизги шарты — үзгүлтүксүз изденүү, натыйжалуу башкаруу жана мугалимдин кесиптик өсүүсү экендигин баса белгиледи.
Ал мектеп жетекчилерине жана окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына сабактарга үзгүлтүксүз катышып, мугалимдердин ишмердүүлүгүнө усулдук колдоо көрсөтүүнү, усулдук бирикмелердин отурумдарын, тренингдерди жана тажрыйба алмашуу иш-чараларын системалуу уюштурууну сунуштады.
Мындан тышкары, «Алтын казык» долбоорунун алкагында берилген ноутбуктарды жана «Санарип кампа» платформасын натыйжалуу колдонуп, заманбап технологияларга негизделген, креативдүү жана интерактивдүү сабактарды уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ар бир жетекчи өзүнүн да, педагогикалык жамааттын да билимин жогорулатууга көңүл буруп, күн сайын жаңылануунун үстүндө иштеши зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын негизги өзөгү — билим берүүдөгү өзгөрүүлөргө даяр болуу гана эмес, ошол өзгөрүүлөрдү иш жүзүндө натыйжага айландыруу.
Анткени бүгүнкү күндүн талабы — санариптик сабаттуу жетекчи, изденген мугалим, заманбап мектеп жана сапаттуу билим алган окуучу. Билим берүүнүн келечеги дал ушул биргелешкен аракеттерден башталат!
Айдай Джолчубекова
Даяна Омурханова