ТАЛАС: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК

  • 19.08.2026
  • 0

Талас шаарында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен биргеликте жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселелери боюнча жыйын өткөнүн Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

ТАЛАС: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК

ТАЛАС: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК

Маалыматка таянсак, жыйында жаңы окуу жылына билим берүү уюмдарынын даярдыгы, ошондой эле Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган ири иш-чараларга байланыштуу уюштуруу маселелери талкууланды.

ТАЛАС: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК

ТАЛАС: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК

— Министр мектептерге психолог штаттарын киргизүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, окуучуларды жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз кылуу, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, билим берүү уюмдарынын капиталдык ремонт иштеринин жүрүшү жана жаңы окуу жылына сапаттуу даярдыгын камсыз кылуу боюнча бир катар маселелерди көтөрдү. Ошондой эле облусубуздагы маанилүү көйгөйлөрдү агартуу министрилиги менен биргеликте чечүү жолдорун талкууладык, — дейт Э.Джумаев.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер