ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

  • 21.04.2025
  • 0

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 4-апрелинен 18-апрелине чейин  «Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы — 2025» кароо-сынагынын II (райондук, шаардык) этабы өткөрүлдү. 

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Элизат Байгараеванын  маалыматы боюнча, алдынкы педагогикалык идеяларды берүү жана жайылтуу көндүмдөрүнө, жөндөмдөрүнө, билим берүүдө заманбап билим берүү технологияларын,  методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикаларга ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында өткөрүлгөн сынак үч тур менен өттү.

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

— 1-тур педагогикалык тест; 2-тур сабактын фрагменти; 3-тур мастер-класс. Сынакка жалпы 31 мугалими, 14 тарбиячы катышты. Жыйынтыгында 7 мугалим, 1 тарбиячы, 1 музыкалык жетекчи ийгиликке жетип, облустук турга жолдомо алышты, — дейт Э.Байгараева.

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

Сынакта бир нече номинация ыйгарылды. Алсак,  «Жылдын мыкты мугалими-2025», гран-прини А. Эсенбеков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими  Аида Бекбалаева жеңип алса,  «Мыкты чет тили мугалими» номинациясына Т. Кушчубаева атындагы Көк-Ой орто мектебинин англис тили мугалими  Нуриса Абасова чыкты. «Мыкты математика мугалими» — Б.Жанузаков атындагы орто мектебинин мугалими Айдана Эстебесова,  «Башталгыч класстардын мыкты мугалими» — А.Огонбаев атындагы орто мектебинин мугалими Нуржамал Сыдыкова,  «Мыкты тарых мугалими»  — №8 мектептин мугалими Наргиза Раимбаева,   «Мыкты география мугалими» — А.Нуржанов атындагы орто мектебинин мугалими Айгерим Кеңешбекова, «Кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими»  — К.Нурбеков атындагы орто мектебинин мугалими Канышай Капарова,  «Жылдын мыкты тарбиячысы»  — Жаңыл Арстан кызы,  «Мыкты мамлекеттик тил мугалими» Толгонай Сыргакбек кызы татыктуу болушту.  Ошондой эле сынактын үч туруна тең активдүү катышкан мугалимдер бөлүмдүн  кызыктыруучу сыйлыктарына ээ болушту. Алар: Жаркын Байгазиева,  Жайдар Улан кызы, Асел Кубанычбек кызы жана Светлана Субаналиева.

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

ТАЛАС: ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

Билим берүү бөлүмү кароо-сынакты жогорку деңгээлде өткөрүүгө салымын кошкон №1, №6 мектептерге, №1, №18  бала бакчаларга, калыстар тобуна жана бөлүмдүн уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер