ТАЛАС: 50 ОРУНДУУ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ
- 23.07.2026
- 0
Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында кичинекей бөбөктөр үчүн заманбап үлгүдөгү жаңы бала бакчанын курулуш иштери аяктап калды.
Курулуш министрлигинин алдындагы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул социалдык объекттин жалпы наркы 30 миллион сомду түзөт. Жергиликтүү тургундар үчүн кубанычтуу жаңылык болгон жаңы бала бакча 50 орунга ылайыкташтырылган.
Имараттын курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө негизги курулуш-монтаждоо иштери толугу менен аяктап, учурда имараттын айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, аймакты тосуу жана брусчатка төшөө иштери жыйынтыкталууда.
Жаңы бала бакчада бөбөктөрдүн ыңгайлуу шартта тарбияланып, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык заманбап талаптар эске алынган. Имараттын ичинде:
- кенен уктоочу бөлмөлөр,
- тарбиялык сабактарды өткөрүүчү жайлар,
- медициналык кабинет,
- тамактануучу ашкана,
- кабыл алуу бөлмөлөрү каралган.
Жакын арада пайдаланууга бериле турган бул мектепке чейинки билим берүү мекемеси айылдагы мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо шарттарын кыйла жакшыртмакчы.
А.К., «КБ»
Комментарийлер