ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР АНЫКТАЛДЫ

  • 29.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жылда уюштуруп келген мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабы жыйынтыкталды. Алдыңкы орунга суурулуп чыккан окуучуларды сыйлоо аземи бүгүн Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда өтүп жатат.

 

ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР АНЫКТАЛДЫ

— Эки күндөн бери 12 предмет боюнча күч сынаштыңар. Бул ийгиликке жеткирген, албетте, мугалимдер. Эл мугалими Исак Бекбоев учурунда айткандай, “эң мыкты мугалим – окуучусун өз алдынча иштете, окута алса”. Катарыңарда дүйнөгө өлкөнү таанытуучу окуучулар отурат. Таланттуу окуучуларга билим берип, сынакка даярдаган мугалимдерге таазим! 324 окуучу тең жеңүүчү деп эсептейм. Биз билим берүү системасын өзгөртөбүз, дүйнөлүк билим берүүгө тендейбиз деп жатабыз. Элекрондук билим берүү платформасы түзүлөт. Электрондук мектеп, электрондук окуу китептер платформалары аркылуу сынакка даярдаганга бардык шарт түзүлөт. Улуттук олимпиадага катышкан окуучулар дагы бар. Эки олимпиададан өткөн мыкты окуучулар тандоодон өткөндөн кийин, эл аралык сынакка жолдомо алат, — деди Билим берүү жана илим министринин орун басары М.Касымалиев.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Элвира КАКИЕВА, «Кут Билим»

Сүрөттөр: Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер