ТАЛАНТТУУ ИЛИМПОЗ-ПЕДАГОГ —  МИНИСТРДИН КЕҢЕШЧИСИ

  • 07.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин 6-марттагы буйругу менен педагогика илимдеринин доктору, профессор ​ Акматов Кыялбек Камутович министрдин кеңешчиси болуп дайындалды.

ТАЛАНТТУУ ИЛИМПОЗ-ПЕДАГОГ —  МИНИСТРДИН КЕҢЕШЧИСИ

Кыялбек Акматов1983-жылы 29-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Садырбай айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 2005-жылы Ош мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Жаштайынан мугалимдик кесипке ынтызар студент университетте окуп жүргөндө эле мектепте иштей баштайт. ​ 2002-жылы Оштогу №39 жалпы билим берүүчү орто мектепте мугалим, 2003-2005-жылдары Кара-Суу районундагы Кызыл-Гайрат орто мектебинде мугалим, андан кийин Ош шаарындагы №18 гимназия-мектебинде мугалим, директордун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басары, соцпедагог болуп иштеген. 2005-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, 2012-2016-жылдары ОшМУнун “Билим” лицейинде, 2016-2020-жылдары Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде директор болуп үзүрлүү эмгек өтөгөн. Педагогикалык, жетекчилик бай тажрыйбага ээ илимпоз-педагог 2020-жылы Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борборун жетектөөгө чакырылат. 2022-жылдан тартып “Маариф” эл аралык билим берүү фондунда мектеп директору болуп иштеп келди.

Кыялбек Акматов – педагогика илимдеринин эң жаш доктору. Ал 2012-жылы кандидаттык, ​ 2020-жылы 37 жашында докторлук ишин ийгиликтүү коргоп, педагогика, методика жаатындагы жарыяланган эмгектери үчүн профессор илимий наамын алган. Кыялбек Акматов 70тен ашуун илимий макалалардын, көптөгөн окуу китептеринин, окуулуктардын, мугалимдер үчүн колдонмолордун, кыргыз адабияты боюнча колдонмо дептерлердин автору жана авторлошу.

Бөлүшүү

Комментарийлер