ТАЙИРДИ «КЫСКАРТПАГЫЛА»!

  • 28.09.2018
  • 0

ТАЙИРДИ «КЫСКАРТПАГЫЛА»!

Лейлектик Тайир Аширбайды ким тааныбайт? Чыгармачыл мугалим, таланттуу акын — Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, Курбаналы Сабыров атындагы сыйлыктын лауреаты, Билим берүү мыктысы, 24 жылдык стажы бар тарбия-таалим ишине дилгир мугалим, «Жылдын мыкты автору» 24-сентябрда жумуштан «кыскартылыптыр». Билим берүү жана илим министрлигинин «жумуш жүктөмү 18 саатка жетпегендер баары кыскартылсын» деген буйругу ушундай натыйжа берет деп ким ойлоптур?!

Ушул кабарды угуп, фейсбукка илгенимде, 30дан ашуун киши пикир жазды, дээрлик баары буга кейиди. 11 киши өзүнүн барагына бөлүштү. 70тен ашуун киши кайдыгер эместигин билдирип, белги койду. Чындыгында сааты аздарды кыскартуу жеке эле бир мугалимдин баш оорусу эмес, республикалык деңгээлде кыйла кылдат чечилиши зарыл, татаал маселе экендигин турмуш даана көрсөтүп турат. Бул жагдайдан чыгуу жолун биргелешип издейли деп, фейсбуктагы талкуудан айрым пикирлерди да келтирмекчимин.

Кеңешбек Сайназаров:

— Жаман болуптур! Тилекке каршы, мага да 4-5 мугалим келип кетишти. Баарынын айткандары – «Жакшы эле иштеп жаттык эле. Ооба, былтыркы жылы жүктөм аз эле. Ошого шылтоолоп эле кыскартып коюшту. Ошол эле учурда жаңы мугалимдерди ишке алып, деректир менен кээде тил келишпей жүргөндөр кыскартылды…»

Жолдош Турдубаев:

— Тайирдин андай конфликти жок окшойт, бирок дал сен айткандай, ишине тың болгондуктан эч кимге кошамат кылбаган мугалимдер биринчи кезекте кыскартылып жатканына башка мисалдар бар.

Сулайман Рысбаев:

— Тайирдей изденгич мугалимдерди 12 саат менен мектепке алып калып, алардын илимий багытта иштөөсүнө шарт түзүп берген болсо, мектеп өз кызматын актамак.

Нургүл Тайир кызы:

— Ооба, агай туура айтат, анан калганына насаатчылыкты кошуп дегендей.

Айнагүл Базарбаева:

— Абдан өкүнүчтүү.Тайир агайдын талантынын жанында мен кыйынмын деп жүргөн кээ бирлер шоона эшпей калат. Нукура талант. Астейдил адам. Бир жанга жамандыгы жок инсан. Мындай мугалим окуучуга жалаң жакшылыктын үрөнүн гана себе алат. Агайды кайра ишке койгула, урматтуу министрлик! Демек, агайдай жулунбаган мугалимдердин канчасы азап чегип жатат. Жашоонун мыйзамына туура келбеген мыйзам кайдан чыкты экен…

Куштарбек Кимсанов:

— Негизи, бардык нерсенин оң жана терс тарабы бар. Сабагы аз мугалимдер башка жактарда да иштеп, айлыгы аздыгынан улам көңүл кош карап, сапатсыз сабак берген жагдайлар да көп болчу.

 Жолдош Турдубаев:

— Дал ошол ар кайсыга чуркап, бирин да жарытпагандарды кыскартса, туура эле болмок. Бирок жаш мугалимдер да такыр бош калбасын деп саатынан бөлүп берген тажрыйбалуу мугалимдин өзүн кетириштин кажети барбы? Бул жерде сабактын сапатына эмес, саат санына эле карап, балта менен чапкандай чоркок чечим чыгарылып калган. Министрликтин буйругуна тактоо киргизиш зарыл экендиги даана көрүнүп турат.

Абдысамат Сарала:

— Эң эле жумшак айтканда, өтө туура эмес болуптур. Чыгармачыл мугалимдерди көздүн карегиндей сакташ керек.

Бактыбек Абдыразаков:

— Туура айтасың, Алишер досум. Тайирди ар бир райондо сыйлап күтүп, тажрыйбасын үйрөнүп алсак кана, атаганат! Ушуну Лейлектин «чоңдору» окуйт бекен?!..

Арзыкан Абдылдаева:

— Тайирдей мугалим азыркы мезгилге аба менен суудай керек.

(Бул кабарды Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ирсалат Сайфиевна фейсбуктагы өз барагына көчүрүп, мындай комментарий жазыптыр:

«Таир Аширбайдай чыгармачыл мугалимдер, буюрса, жумушсуз калбайт. Кичине сабыр кылып туруу керек деп ойлойм. Анткени мугалимдер – ар кандай кырдаалга чыдамдуу калк»)

PS. «Бул макала басууга даярдалып жатканда, Лейлектеги «Эгемендүүлүк» орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабактары үч мугалимге бирдей бөлүнүп, Тайир Аширбай да буга чейинкидей эле иштей турган болду», — деген жакшы кабар келди. Иштин кызыкчылыгы биринчи орунга коюп, мыкты адистерди кетирбей алып калууну ойлогон жамааттар менен жетекчилерге ийгилик каалайбыз!

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер