ТААЛИМГЕ ТАТЫКТУУ ТАГДЫР

  • 16.12.2019
  • 0

ТААЛИМГЕ ТАТЫКТУУ ТАГДЫР

     Кыргыз мамлекетинин баштапкы кесиптик билим берүү тармагын жыйырма жылдан ашык жетектеген Ильяз Касендеевдин көзү тирүү болгондо быйыл сексен жашка чыкмак. Ильяз Касендеевдин 80-жылдыгына арналган эскерүү кечеси Анадолу Кыргыз-Түрк кыздар кесиптик лицейинде белгиленип, Туркия Республикасынын  Кыргызстандагы Билим Беруу кенешчиси Харун Каржы, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Ыйгарымдуу Элчилигинин алдындагы аскер куралдуу күчтөрү боюнча өкүлү Мехмет Фатих Таш, соода каржы иштери боюнча башкы кеңешчиси Бекзат Эртен, ички иштер кеңешчиси Мехмет Татлы жана Тунжай Айлан мырзалар катышты.

Окуу жайдын жетекчилери Йелиз Кая жана Токтоноева Рина Рысбековна, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы билим берүү кеңешчиси Харун Каржы өз ойлору менен бөлүшүштү.

И. Касеендеев менен бир канча жыл чогуу иштешкен баштапкы кесиптик-билим берүү агенттигинин өкүлү Б. Орозакунова, ардагери Т. А. Сосновская, бир тууган иниси Иязбек Касендеев, Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин директорлор кеңешинин төрайымы С. Жаманкулова эмгек жолу, ийгиликтери тууралуу айтып беришти.

ТААЛИМГЕ ТАТЫКТУУ ТАГДЫР

Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү системасына  өз өмүрүн арнаган, Ильяз Касендеев кыргыз элинин сыймыктанаар уулу болгон.  Ал өзүнүн кыска жашоосунда адамдык жоопкерчилиги бийик, калк арасынан суурулуп чыккан, өз кесибин сүйө билген, эмгек менен ийгиликти жараткан инсан эле. Жумушчу жаштарды кайра даярдоодон өткөрүүгө өзгөчө маани берилип жаңы реформалар киргизилген. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен кесиптик-техникалык билим берүү системасында эл аралык байланыштар ачылган. Кыргызстан жана Түркия мамлекетинин ортосундагы Билим берүү жана Маданият чөйрөлөрүндөгү өз ара кызматташуу жөнүндөгү 1992-жылдын 3-мартында кол коюган келишимдин негизинде “Анадолу Кыргыз-Түрк Кесиптик кыздар лицейи” ачылган. “Окутуу системасы жана жабдуу каражаттары” тууралуу түзүлгөн Протоколго Ильяз Касендеев өзү кол койгон.

ТААЛИМГЕ ТАТЫКТУУ ТАГДЫР

Окуу жайыбыздын тарыхында И. Касендеевдин эмгеги чоң жана баалуу. Учурунда агайыбызга Кыргыз Республикасынын Билим Берүү системасынын эмгек сиңирген ишмери, СССР кесипчилик -техникалык билим берүүнүн отличниги наамдары ыйгарылып, Эмгек Кызыл Туу ордени, Монголиянын “Эмгектик ардак белгиси” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин үч Ардак Грамотасы, дипломдору жана төш белгилери менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү Ассоцациясынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты, Россиянын кесиптик билим берүү Академиясынын академиги болгон.

ТААЛИМГЕ ТАТЫКТУУ ТАГДЫР

Иш-чарада көргөзмөлөр, спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчү окуучуларыбызга грамота жана белектер тапшырылды. И. Касендеевдин өмүр  баяны туралуу айтылып, окуучулардын колдорунан жасалган саркеч кийимдердин көргөзмөсү, ар бир кесип ардактуу деген темада “Кесиптерди таанытуу” театрлаштырылган түрдө көргөзүлүп, концерттик программасы менен жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Өрнөктүү өмүрү, жасаган эмгеги ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталып калат.

“Кут Билим” Э.Усупов

Бөлүшүү

Комментарийлер