Т.СЫДЫКБЕКОВДУН ЭСТЕЛИГИ ТУРГУЗУЛУП, ҮЙҮ МУЗЕЙГЕ АЙЛАНАТ

  • 13.05.2022
  • 0

Быйыл Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги тургузулуп, үйү музейге айландырылып, китептери кайрадан басылат. Бул тууралуу 12-майда Улуттук илимдер академиясында жазуучунун 110 жылдыгына арналып өткөрүлгөн “ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ: КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияда белгилүү болду.

Т.СЫДЫКБЕКОВДУН ЭСТЕЛИГИ ТУРГУЗУЛУП, ҮЙҮ МУЗЕЙГЕ АЙЛАНАТ

Түгөлбай Сыдыкбеков – ХХ кылымдын кыргыз адабиятында улуттук жазма адабий прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон заманыбыздын залкар, таланттуу жазуучусу. Ал кыргыздын тарыхын, таржымалын иликтеп, элдик оозеки чыгармачылык мурастарыбыздын, эне тилдин жана улуттук нарк-насилдин нускалуу билерманы катары көркөм адабиятыбыз үчүн эбегейсиз зор салым кошкон. Жазуучунун “Тоо арасында”, “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары”, “Көк Асаба”, “Бел-Белес” ж.б. көлөмдүү чыгармалары элибиздин руханий жандүйнөсүн ачып, дүйнөлүк адабияттын жана маданияттын бир бөлүгү болуп калды. Бирок тилекке каршы, ушул күнгө чейин Т.Сыдыкбековго жана анын калтырып кеткен мурастарына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай, ал тургай ага эстелик тургузулбай келе жатканы өтө кейиштүү экенин иш-чаранын катышуучулары баса белгилеп, буюрса, ушул жылы 110 жылдыгын белгилөө менен бул кемчиликтер жоюула  тургандыгын баса белгилешти.

  • Тилекке каршы, биз Т.Сыдыкбековдун алдында өзүбүздүн милдетибизди толук аткара алган жокпуз. Болгону анын атын бир чолок көчөгө койдук. Ушул күнгө чейин эстелигин да орното алган жокпуз. Ал тургай китептерин кайра баса алган жокпуз. Ошондуктан быйыл жазуучунун 110 жылдыгына карата чоң жумуштарды аткаруу милдетин мойнубуза алып, атайын комиссия түзүп, бир канча иштерди пландап жатабыз, — дейт Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Т.СЫДЫКБЕКОВДУН ЭСТЕЛИГИ ТУРГУЗУЛУП, ҮЙҮ МУЗЕЙГЕ АЙЛАНАТМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов быйыл күзүндө өтө турган мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарага карата  Жазуучулар Союзу менен биргеликте бир канча иштер жүзөгө ашырыла тургандыгын айтып, мерчемделген план менен бөлүштү.

— Буюрса, жазуучунун бир канча китебин чыгарабыз. Т.Сыдыкбеков “Манас” эпосун сактап калуу, аны коомчулукка жайылтуу ишине опол тоодой кызмат кылган адам. Ошондуктан “Манас” театрына да бир катар тапшырмалар берилди. Алар дагы “Манас ааламындагы Түгөлбай Сыдыкбеков” деген аталыштагы ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт. Жазуучунун китептери дагы  абдан эле аз санда калыптыр. Буюрса, күзгө чейин эки китебин чыгарып, китепканаларда, музейлерде атайын бурчтарын уюштуруп, китептерин ошол жакка жөнөтөбүз. Андан сырткары телекөрсөтүүдөн жазуучу тууралуу бардык документалдык фильмдерди көрсөтөбүз. Сыдыкбековдун поэзияда дагы өзүнүн орду бар. Ошондуктан поэзия кечелери Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт. Ал эми мамлекеттик деңгээлдеги салтанатты күз айларында өткөрүү пландалууда. Өкмөттүн деңгээлинде уюштуруу комитети түзүлгөн. Буюрса, күзүндө Президент өзү катышкан чоң иш-чара өткөрүлөт, —  дейт минист.

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков Өзбекстан чыгарып жаткан  түрк дүйнөсүнүн адабиятчыларынын жүз томдугуна Түгөлбай Сыдыкбековдун  “Көк асабасы” өзбек тилине которулуп, киргизилип жатканын айтып, заман талабына ылайык бизде дагы жазуучунун чыгармалары кагаз түрүндө да, электрондук түрдө дагы чыгаруу зарылдыгы тургандыгын баса белгиледи.

  • 31 жылдан бери Маданият министрлигинде адабият башкармалыгын кой, бөлүмү түзүлгөн жок. Буюрса, министр Азамат Жаманкуловдун колдоосу менен май айында адабият башкармалыгын түзөбүз деп жатабыз. Бул ишке ашып калса мыкты классиктердин чыгармаларына кайрадан жашоо берүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт, — деди Нурлан Калыбеков.

Иш-чара Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Түгөлбай Ата” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду. Ушундай эле илимий практикалык конференция бүгүн Бишкек мамлекеттик университетинде да өтөт.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер