ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН кеменгери –“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

  • 15.11.2024
  • 0

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2024-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы достуктун жана кызматташтыктын символу болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп, академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземин өткөрдү. Салтанаттуу азем боордош эки өлкөнүн Мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Андан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН кеменгери –“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө КТМУ Кыргызстан менен Түркиянын, ошондой эле жалпы боордош түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий жана социалдык байланыштарды бекемдеген өзгөчө аянтча экенин айтып, президент Эрдогандын иш графигинин тыгыздыгына карабай окуу жайга келгенине кубанычта болгонун билдирди.  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан саламдашуу сөзүндө президент Эрдогандын окуу жайга келиши алар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Камкорчулар кеңешинин төрагасы, PhD., профессор Ибрахим Чапак аталган окуу жайдын дүйнөдөгү алдыңкы 1000 университеттин катарына кошулуусунда Президенттин жана тийиштүү министрликтердин салымы зор экендигине токтолду.

Президент Эрдоган:

“Тамыры терең боордоштук  жыл сайын өсүп, бекемделүүдө

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: “Урматтуу боордошум, Кыргызстандын президенти Садыр
Жапаровдун чакыруусу менен сиздерге, ата-бабаларыбыздын мекени болгон Кыргызстанга келип отурганыма абдан кубанычтамын”, — деди. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы тамыры терең боордоштуктун бекемделип жатканын белгилеген президент Эрдоган: “Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштук терең тамырлуу чоң чынар бак сыяктуу жыл сайын өсүп, бекемделип, ар түрдүү тармактарда бутактанып жатат. Биз ата-бабаларыбыздан калган бул бир туугандык жана кызматташтык рухун келечекке жеткирүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап жатабыз. Биздин кызматташтыктын үзгүлтүксүздүгүнүн эң маанилүү өбөлгөсү – албетте, билим берүү жана адистерди даярдоо жаатындагы долбоорлорубуз. Биз да кыргыз жаштарынын жаркын келечек куруусуна колдоо көрсөтүү үчүн   аракеттерибизди улантып жатабыз”, — деп Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун узун тарыхый өтмүшү болгонун жана муну келечекке билим берүү аркылуу жеткире билүү мүмкүндүгүн баса белгиледи.

Президент Эрдоган өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү процессине баа берип, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин билим берүү тармагына Түркия тарабынан көрсөтүлгөн колдоолорго токтолуп, боордоштук байланыштын чыңдалганын айтты.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН кеменгери –“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

Биргелешкен билим берүү келишимдери

Президент Эрдоган: “Биздин биргелешкен орто мектептерибизде 400, Бишкектеги түрк мектебинде 1200, Түрк тилин үйрөтүү борборунун курстарында 3100 окуучу билим алууда. Түркиянын “Маариф” фондунун мектеби жакында ачылганына карабастан окуучулардын саны 1500гө жетти. Ал эми “Манас” университетинде 7000ге жакын студент  жогорку билим алууда. Биз ар кандай деңгээлде жалпы 13 миңден ашуун студентке түздөн-түз билим берүү жагынан колдоо көрсөтүүдөбүз”, — деди.

Эң чоң мурас — бул адамга кылынган инвестиция

Президент Режеп Тайып Эрдоган өзгөчө Кыргыз-Түрк “Манас” университети баш болгон эки өлкө ортосунда ишке ашырылган билим берүү долбоорлору жаш муундардын үмүт булагы экенин белгиледи. Ал жаштарга багытталган билим берүү долбоорлорунун маанисине токтолуп, келечекте илимпоз, академик, инженер жана сүрөтчү болуп коомго салым кошо турган инсандарды тарбиялоо максаты көздөлгөнүн айтты. – “Бул жаатта “Манас” университети баш болгон бардык билим берүү мекемелерибиз ой жүгүрткөн, изденген, илимий өнүгүүлөрдү ээрчиген, миссиясы жана көз карашы бар, келечегибизди бейпилдик менен аманат кыла турган жаштарды тарбиялоого чоң салым кошот”, — деди түрк лидери. Ал “Манас” университети бир гана билим берүүдө эмес, ошол эле учурда өнүгүү жана маданий өнүгүү процесстеринде да абдан маанилүү роль ойнооруна токтолуп, “Манас” университети түрк дүйнөсүнө салым кошкон тамыры терең билим берүү мекемеси катары жаштарга миссия жана концепция тартуулоону улантып жатканын билдирди. Ошондой эле университеттин жетишкендиктерине көңүл буруп, дүйнөдө маанилүү академиялык деңгээлге жеткенин айтты.

“Манас” университети  тарыхтан шыктануу менен келечекти курууда

Президент Эрдоган “Манас” университети тамыры терең тарыхтан шыктанып түптөлгөнүн айтып, мындай деди: – “Биз “Манас” университетибизди ата-бабаларыбыздын тарыхый жетишкендиктеринен шыктануу менен маданиятыбыздын жанданышына салым кошуу максатында түптөдүк. Университет 29 жылдан бери достук жана боордоштук мамилелердин эң мыкты үлгүлөрүнүн бири болуп калды. Учурда дүйнөнүн 45 өлкөсүндө “Манас” университетин бүтүргөн боордошторубуз бар”. Президент Эрдоган “Манас” университетинин күчтүү академиялык түзүмдөрүнө да көңүл буруп, 11 факультет, бир жогорку мектеп, бир кесиптик мектеп жана ЖОЖдон кийинки билим берүү институту менен окуу жайдын негиздөө миссиясын толук аткарганын баса белгиледи. “Манас” университети студенттердин академиялык өнүгүүсүнө гана эмес, алардын маданий жана социалдык жактан да өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын билдирди.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН кеменгери –“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

Дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин бири

Президент Эрдоган “Манас” университетинин эки жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты 1000 жогорку окуу жайынын катарына киргендигин укканда кубанганын жана бул ийгилиги университетти Кыргызстан менен Түркиянын гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн да сыймыгына айлантканын айтып, буларга токтолду: “Келечегибизди жан дүйнөнүн тынчтыгы менен аманат кыла тургандай миссияга жана концепцияга ээ жаштарды тарбиялап жатабыз”, — деди жана бул ийгиликке салым кошкон бардык окутуучуларды жана студенттерди чын жүрөктөн куттуктады. Президент андан ары өз сөзүндө: – “Бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтердин эселеп  көбөйүшү үчүн бир дагы курмандыктан качкан жокпуз. Премьер-
министр кызматын аркалап турган мөөнөттөн тарта университетке жакындан көңүл буруп келебиз. 2013-жылдын 10-апрелинде окуу жайыбыздын комплексинде бүткөрүлгөн түзүмдөрдү мен жеке өзүм ачтым. Бүгүнкү күндө биз 110 жаңы объект, продукция жана долбоорлорду дагы арттыруунун кубанычын камсыздап жатабыз”, — деп “Манас” университетине көрсөткөн кызыгуусун жана колдоосун кошумчалады.

Президент Эрдоган “Манас” университетине салынган жаңы инвестициялар менен окуу жайдын билим берүү инфраструктурасы дагы бекемделгенин билдирип, “Алардын арасында эки факультет, бир институт жана 26 лабораторияны да камтыган бул кызмат, инвестиция жана имараттардын баары университет үчүн жакшылыктарга себеп болушун каалайм. Бул объек-
тилерди курууга салым кошкон жумушчусунан инженерине, компаниясынан университеттин жетекчилигине, кайрымдуулук кылган адамдан расмий уюм жана мекемелерге чейин баарыңыздарды куттуктайм”, — деди.

“Манас” университетинин Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн маанилүү билим борбору экенине көңүл бурган президент: “Түркиянын президенти катары Кыргызстандын жана түрк дүйнөсүнүн эң популярдуу окуу жайларынын бири болгон “Манас” университетинен алдыдагы мезгилде мындан да чоң долбоорлорду, квалификациялуу илимий изилдөөлөрдү жана маанилүү жетишкендиктерди күтөм”, — деди.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН кеменгери –“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

“Тамырыңыздарга бекем болуңуздар”

Президент Эрдоган өз сөзүндө “Манас” университетинин студенттерине кайрылып: “Урматтуу жаштар, тамыры менен байланышы алсыраган дарактар өйдө-ылдыйда багытын жоготоорун унутпагыла. Тарых, маданий баалуулук, үй-бүлө, ишеним жана идеалдар менен байланышыңарды эч качан үзбөгүлө!”- деди.  “Манас” университетинин түрк дүйнөсү үчүн эң маанилүү билим берүү мекемеси катары позициясын бекемдегенин белгилеген президент Эрдоган окуу жайдын келечекте дагы да чоң ийгиликтерге жетишин каалаганын айтып, сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чара президент Эрдогандын “Манас” университетинде ишке ашырган 110-жамааттык ачылыш аземинен кийин эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземи “Манас” телеканалы аркылуу бүткүл Кыргызстанга түз эфирде чагылдырылды. TRT News да бир эле учурда “Манас” телеканалынын түз эфирин толугу менен көрсөттү.

М. ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер