«Түрк дүйнөсүнүн аял парламентарийлеринин» саммити

  • 02.06.2025
  • 0
Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассоциациясынын (ТҮРКПА) чакыруусу менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүүлөр боюнча проректору, ф.и.д., профессор Аида Балтабаева   Түндүк Кипр Республикасынын Лефкоша шаарында өткөн “Түрк дүйнөсүнүн аял парламентарийлеринин” саммитине катышты.
"Түрк дүйнөсүнүн аял парламентарийлеринин" саммити
Аталган саммитте профессор Балтабаева Аида Тынайбековна “Маданий иденттүүлүктү сактоодо кыргыз аялдарынын түрк дүйнөсүндө орду” деген темада баяндама жасады.
Саммитке Турциядан, Азербайжандан, Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Косоводон, Гагаузиядан окумуштуу аялдар барган.
Ар өлкөдөн барган делегацияны Түндүк Кипр Президенти Эрсин Татар жана Түндүк Кипр Элдик жыйындын төрагасы Зорлу Торе кабыл алып, түрк дүйнөсүндөгү билим берүү, маданият, ааламдашуу доорундагы аялдардын орду тууралуу пикир алышып, кенен талкуулашты.
Бөлүшүү

Комментарийлер