ТӨРАГА ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ САУД АРАБИЯ КОРОЛДУГУНА РАСМИЙ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ

  • 17.02.2020
  • 0

Расмий иш сапардын алкагында Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жана Курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри Абдулрахман А. Альфадли менен эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү күтүлүүдө. Андан тышкары, парламенттик делегация Соода палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Ажнан Аль-Ажнан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Сауд Арабия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин жаңы имаратына барышат.

Белгилей кетсек, Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны Өкмөт өкүлдөрү менен Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев коштоп жүрөт.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер