Т.ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БМПК  –  ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨРӨҢГӨЛҮҮ КӨЧ БАШЫ!

  • 08.05.2024
  • 0

Кыргызстандагы жалгыз музыкалык-педагогикалык окуу жай катары келечегине умтулган көптөгөн жаштардын билим очогуна айланган Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт!  

Т.ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БМПК  –  ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨРӨҢГӨЛҮҮ КӨЧ БАШЫ! Т.ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БМПК  –  ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨРӨҢГӨЛҮҮ КӨЧ БАШЫ!

Келечектүү кесипкөй адистерди даярдоодо биздин колледж жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет.

Студенттердин терең билим алуусу үчүн заманбап усулдук,  музыкалык сабактар үчүн жеке кабинеттер, интернет булагына туташкан компьютердик класстар, физика-химия сабактары үчүн лабораториялык аудиториялар менен камсыздалган. Андан сырткары улан-кыздардын жекече билимин тереңдетүү үчүн китепкана, машыгуу үчүн  спорт зал, бокс залы, ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн жыйындар залы жана тамактануучу ашкана бар. Ошондой эле студенттер жатакана менен камсыз болушат. Жатаканада жарык бөлмөлөр, медпункт, жыйындар залы жана башка жашоого ылайык шарттар түзүлгөн.

Студенттер Кыргызстан менен гана чектелбей коңшу өлкөлөр: Казакстан, Өзбекстан, Тажикистандан келип билим алышат.

Педагогикалык практика окуу процесси менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Теориялык билимдерин практика менен бышыктап, Бишкек шаарынын алдыңкы мектептерине,  бала-бакчаларына практикага чыгышат жана жумуш орундары менен камсыз болушат.

Окуу жайда 100дөн ашуун коомдун күзгүсү болгон дасыккан педагогдор, акыл-эстин саяпкери болгон тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенишет. Арасында билим берүүнүн мыктылары, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, «Мамлекеттик тил» төш белгисинин ээлери, дене-тарбия жана спорттун мыктысы, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамдары бар тажрыйбалуу окутуучулар жамааты колледждин өнүгүүсүнө зор салымдарын кошуп келишүүдө!

Т.ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БМПК  –  ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨРӨҢГӨЛҮҮ КӨЧ БАШЫ!

Учурдун талабына ылайык академиялык мобилдүүлүк боюнча Ош, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Бишкек шаарындагы педагогикалык орто билим берүүчү окуу жайлар менен, жана Казакстан Республикасынын төрт окуу жайы менен эки тараптуу келишимдер түзүлүп, учурда иш жүзүндө натыйжасын берип жатат. Түзүлгөн келишимдердин негизинде биздин студенттер республикабыздын аймагындагы жана Казакстандагы төрт окуу жайдан мобилдүүлүктүн алкагында окуп, билим ала алышат.

Т.ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БМПК  –  ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨРӨҢГӨЛҮҮ КӨЧ БАШЫ!

Урматтуу улан-кыздар! Заман талабына жараша терең билим алуу жана кесипти туура тандоо сиздин бүгүнкү кадамыңызга байланыштуу.  Ушул мүнөттөр сиз үчүн чечимди “Жети өлчөп, бир кесе” турган эң маанилүү учур.

“Келечекке туура кадам таштоо — кесипти туура тандоодон башталат”

Тамыры терең, тарыхы кенен  биздин окуу жайга кош келиңиз!

Директор  Турдалиев Уланбек Маткаримович.

 

Т. ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БМПК ТӨМӨНДӨГҮ БАГЫТТАРДА АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ:

 

050601  «Музыкалык билим берүү»

Адистиги: «Музыка мугалими, музыка жетекчиси»

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 3 ж. 10 ай, 11-кл. — 2 ж. 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл. — 2 ж. 6 ай.

Алынуучу сынак:  Музыкалык жөндөмүн текшерүү (угуусу, эске тутуусу)

050303 «Чет тили»

Англис-немис/ Англис-түрк

Адистиги: «Башталгыч класстардын чет тил мугалими»

Окутуунун формасы: контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. – 2 ж. 10 ай,11-кл. – 1 ж. 10 ай.

 050709 «Башталгыч класстарда окутуу»  (күндүзгү/ сырттан окуу)

Адистиги: Башталгыч класстардын мугалими

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж.10 ай,11-кл. — 1 ж. 10 ай.

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл. — 2 ж. 6 ай.

 050721 «Дене тарбия»  (күндүзгү/ сырттан окуу)

 Адистиги: Дене тарбия мугалими

Алынуучу сынак:  Дене тарбия жана кыймыл аракети боюнча нормативдерди тапшыруу

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж.10 ай, 11-кл. — 1 ж. 10 ай.

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл. — 2 ж. 6 ай.

050704 «Мектепке чейинки билим берүү»  (күндүзгү/ сырттан окуу)

Адистиги: Мектепке чейинки балдардын тарбиячысы

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж.10 ай,11-кл. — 1 ж. 10 ай.

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл. — 2 ж. 6 ай.

230109 “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”

Окутуунун формасы: контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж.10 ай,11-кл. — 1 ж. 10 ай.

Кабыл алуу комиссиясына керектелүүчү документтер:

  • Арыз;
  • Жалпы билимин күбөлөндүргөн мамлекеттик документ (күбөлүк же аттестат);
  • 3х4 өлчөмүндөгү 8 даана сүрөт;
  • 086-У медициналык маалымкат;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же паспорттун көчүрмөсү.
  • Аскердик билет же катталганы боюнча күбөлүк (аскерге милдеттенмелерин алгандар үчүн)

Биздин дарек:        

И.Ахунбаев көчөсү 121

https://bmpk.kg

bmpk_t.ermatova

тел: 0312 56-39-57

0702108-708

Бөлүшүү

Комментарийлер