СЫЙЛЫК ЖАЛКЫ – СЫЙМЫК ЖАЛПЫ

  • 08.04.2022
  • 0

2021-2022-окуу жылында республикалык олимпиадада жеңүүчү болгон 52 баланын ичинен эки бала –Чүй облустук мектеп-гимназиянын 11-классынын окуучусу Амантур Ажиматов (мугалими Гүлзат Түмөнбаева) географиядан 1-орунду ээлесе, биологиядан (базалык деңгээлде) экинчи орунду ушул эле мектеп-гимназиянын 11-классынын окуучусу Байэль Төрөбеков (мугалими Айымкан Качкымбаева) ээлеген.

Кечээ Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы Бактибек Анаркулов зээндүү балдар мектеп-гимназиясына барып, балдардын кубанычын тең бөлүшүп, ыраазычылык кат тапшырды. Мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупова мына ушундай жолугушуулар балдарга позитивдүү маанай гана тартуулабастан, келечекте кесип тандоого да шыктандырарын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

СЫЙЛЫК ЖАЛКЫ – СЫЙМЫК ЖАЛПЫ

 

— Балдарыбыз бизге келген меймандарга өздөрүнүн таланттарын тартуулашып гана тим болбостон, ар бир жолугушууга зор маани беришет. Мисалы, биздин бүтүрүүчүбүз, биздин сыймыгыбыз Эркин Рыскулбеков келгенде, баары журналист, алып баруучу болгусу келип шыктанып калат. Өткөндө “Акыркы сабактагы” Бактиярды көрүшүп, көбү актер болгусу келди. Бүгүнкү меймандарыбыз ырды көркөм окуу боюнча устат, үлгү агайыбыз, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, Кыргыз туусунун автору Жайчиев Бекбосун агайыбыз да балдарыбызга мыкты үлгү, — дейт.

Бул мектеп-гимназияны аяктап, мыкты жетишкендиктерге жетишкен Эркин Рыскулбеков сыяктуу окуучулары көп болгону менен, олимпидадада буга чейин ушул жылдагыдай ийгиликтерди али багындыра элек эле.

Жеңүүчү балдарды куттуктаганы атайын белектерин алып келген гимназия мугалимдеринин, окуучуларынын сыймыгы Эркин Рыскулбеков эми балдарда артка жол жок экенин, алдыга карай гана жеңиштерге умтулуу керектигин айтты:

— Эмдиги жылы мындан да жогорку ийгиликтер, мындан да көп жеңиштер болсун. Жеңиш өзү келе бербейт, жеңиштин артында чоң эмгек жатат. Мени кубандырганы балдар биологияны жакшы окуп жатканы болду, демек, медицина тармагы өнүгөт. Дарыгерлер өлкөбүзгө абадай керек экенин пандемия тастыктап койду. Бүгүн силерге дагы бир жакшы жаңылык менен келдим. Менин класс жетекчим, химия сабагы боюнча тест китебинин автору Бүкөн Назаралиевнанын жаркын элесинин урматына ушул гимназиянын химия кабинетин жасалгалап берели деп чечтик, — деп, жагымдуу жаңылыгы менен кубантып, балдарга алып келген баалуу белектерин – китептерди тапшырды.

СЫЙЛЫК ЖАЛКЫ – СЫЙМЫК ЖАЛПЫ

Бул күнү атайын келген меймандарга мектеп-лицейдин таланттуу балдары концерт тартуулашты. Алар кыргыздын комузунда кол ойнотушуп, мукам ырларды ырдап тим болбой, корей маданиятында кеңири тараган барабан кагышып, кыргыз бийлерди бийлешти.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер