СЫЙЛЫК — ЖАЛКЫ, СЫЙМЫК — ЖАЛПЫ
- 14.05.2025
- 0
Чүй облусунун Панфилов районундагы Е.Кожомкулов атындагы мектептин эки окуучусу эл аралык математикалык ТИМО олимпиадасынын жеңүүчүсү болду.
Панфилов районундагы Е.Кожомкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 11-классынын окуучусу Алишер Жапыев жана 7-“а” классынын окуучусу Байнур Курманбеков Түркия мамлекетинин Анталия шаарында өткөн эл аралык математикалык ТИМО олимпиадасынын глобалдык туруна катышып, мамлекет аралык эң мыкты көрсөткүч Diamond байгесине ээ болуп келди.
Бул эки окуучу январь айында өткөрүлгөн эл аралык олимпиаданын 1- турунда коло медалга ээ болуп, жолдомо утуп алган эле.
Окуучулардын билимине билим кошуп, дүйнө таанымын жогорулатып, келечекке багыт берип, жол көрсөтүп, таалим-тарбия берип келе жаткан мектептин директору Банура Тукуевага, «Zeen Education» окуу борборунун директору Айнура Мамашарип кызына, ата-энелерге ыраазычылык билдиребиз.
Мыскал АЛЫМБАЕВА,
Панфилов району.
Комментарийлер