СЫНООГО СЫНБАГАН МУГАЛИМ

  • 23.11.2022
  • 0

“Кырсык каш кабактын ортосунда” деп айтылгандай, күтүүсүз келген кырсык он жылдан ашуун убактан бери сүйүктүү мугалимдик кесибин аркалап, бала тарбиялоо деген бакытка чулганып жүргөн Гүлнур Турапованы аргасыздан майыптар арабасына отургузду. Бирок ал тагдырдын оор сыноосуна сынып калган жок, тескерисинче, чыйралды, талпынды, акыры өзүнүн сүйүктүү мектебине кайтып барды.

СЫНООГО СЫНБАГАН МУГАЛИМ

Ошол кырсык тооруган жана андан кийинки өткөргөн оор күндөрү Гүлнур эжейдин күнү бүгүнкүдөй эсинде.

  • 2017-жылы кокустан бийиктиктен жыгылып түшүп, омурткамдан жаракат алып, майыптар арабасына байланып калдым. Адам баласы баарына көнөт экен. Бирок өзүмдүн абалымды кабыл алганга дейре бир топ негативдүү ойлор жүрөгүмдү өйүп жүрдү. Кечээ эле өз бутуң менен басып жүрүп, бүгүн төшөккө байланып калган адамдын психологиясына чоң сокку болот экен. Заматта жашоомдун 180 градуска бурулушу менин моралдык, психикалык, физикалык, профессионалдык жактан бир топ өзгөрүүгө алып келди.  Кудум эле жаңы төрөлгөн наристедей  кыймылсыз жатып, тулку боюмду кармап отурууга да чамам келбей калган. Көп жылдар бою төшөктө жатып каламбы, мындан аркы жашоом кандай болот деп өзүмө-өзүм суроо салып, алар жоопсуз калган. “Эмне үчүн мен” деп өзүмдү жегем.  Ал кезде келечегим бүдөмүк, жашоом туман сыяктуу көрүнгөн”, — дейт мугалим.

Учурда Гүлнур эжейдин эки буту тизеге чейин гана кыймылдайт. Ошого карабастан күнүгө ишке барып, мектептеги иш күнү, анын атмосферасы, окуучуларынын жетишкендиктеринен канаат алат.  Ал Нарын шаарындагы  №2 орто мектептин  география мугалими.

  • Кыйын кырдаалда сен эле эмес, айланаңдагы жакындарың да жапа чегет экен, алар мени менен кошо кыйналышты. Такыр эле төшөктө жатып калганда атам күнүгө бутума 500 ирет укалоо жасачу. Атам жасаган көнүгүүлөрдүн таасири тийип, бутум бүгүлүп, арабага отурганды, өзүмдү-өзүм тейлегенди өздөштүрдүм. Укалоодон сырткары, ийне терапиясын жасаттым, үч жыл бою реабилитациялык борбордо дарыландым. Дартыма даба издеп, коңшу Казакстанга чейин барып, ал жактын да реабилитациялык борборунда төрт ай жашадым.  Өзүм баса албасам да буттарымдын тизеге чейинки кыймылы бар, өз алдымча кыймылдай алам,  Кудайыма шүгүр”, — деп сөзүн улады эжей.

Белин бекем бууп, чыйралуусуна өзүнө окшогон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга аралашуусу чоң дем берген. Ошондон кийин жашоого болгон көз карашы позитивдүү маанайга бурулуп, өзүн толук кабыл алууну үйрөнгөн.

  • Табиятымдан азыркыдай абалда болбогонго өзүмө окшогон адамдарды издедим.  Интернет желесинен  Оскар Райс аттуу мырзанын позитивдүү маанайдагы маегин көрүп эргүү алдым. Атайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн уюштурулган окууда Оскар менен болгон жолугуу,  мүмкүнчүлүгү чектелген ар кандай категориядагы адамдар менен таанышуу  жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү. Бири-бирине такыр окшобогон тагдырларды көрүп кадимкидей күчтөндүм. Ата-энемдин, жакын адамдардын ишеничи, эмгеги, колдоосу менен азыркы деңгээлге жеттим. Ал эми өмүрлүк жарым айыгып кетеримден эч үмүт үзбөй, медицина, технология өнүккөн заманда бир күнү бутка турарымды айтып, ар кандай дарылоо ыкмаларды сунуштап турат. Экөөбүз  үч балабызга жакшы үлгү болгонго аракеттенебиз. Негизи өзүм мобилдүүмүн, үй жумуштарын дээрлик өзүм эле кылам. Бийик жерлерге гана жетүү керек болгон учурда  балдарым жардамга келет”, — дейт.

Коомдогу стереотиптерге каршы чыгып иштеп жактан мугалимди коомдук жайлардагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттын жоктугу да токтоткон эмес. Ишине так, окуучуларына күйүмдүү мугалимди мектеп жамааты да колдоого алып, атайын пандус орнотуп, тийиштүү шарт түзүп берген.

Гүлнур эжей кесибин абдан жакшы көргөндүктөн, жашоосундагы чоң бурулуштан кийин да окуучуларын, мектебин, кесиптештерин дайыма көз алдына элестеп, сагынып турчу. Өзүн колго алып, мектепке барып директоруна ишин уланта тургандыгын  айтканда, жетекчилиги анын кадамына алгач таңыркап, мектепке кантип барып-келе турганына кызыккан. Жолдо жүрүү маселесин өз жоопкерчилигине алып, алгач жумасына эки жолу барып турганга азыраак саат алган. Директор мыкты мугалимин дароо жумушка алып, өтүнүчүн орундаткан. Ошол кезде COVID күч алып, окуучулар онлайн режиминде окуп жаткан. Окуу аяктаганча аралыктан,  кийинки окуу жылынан тарта мектепке барып иштеп баштаган.

СЫНООГО СЫНБАГАН МУГАЛИМ

  • Мурда мектепте мага ылайыктуу шарт жок болчу. Атайын мен үчүн кичинекей корпуска бөлмө ачып, пандус орнотуп берген. Балдар менин сабагыма чоң корпустан келип окушат. Биринчи сабагымды өтөөрдө окуучуларымдын алдында бир аз тынчсыздангам. Окуучуларыма “мен кандай абалда болсом дагы өз кесибимди сүйөм” деп абалымды түшүндүрсөм, алар түшүнүү менен кабыл алышты.  Сабак өтүү мага кыйын эмес. Узун указка жасатып алгам, анын жардамы менен картаны көрсөтүп берем. Бир гана мектептин экинчи кабатында өткөрүлгөн иш-чара, чогулуштарга катыша албайм. Мурда эки класска жетекчи болчумун. Азыр да мурдагыдай эле класстар менен иштеп, ар кандай иш-чараларга катышкым келет. Ошентсе да мен окуткан окуучуларым олимпиадаларда ийгилик жаратып, мени кубандырып келет. Мектепти аяктап кеткен окуучуларым да абалымды сурап, жетишкендиктери менен байма-бай бөлүшүп турат, — дейт эжей.СЫНООГО СЫНБАГАН МУГАЛИМ

Каарманыбыз өзүнүн мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, мектептен сырткары Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы колледжде да эмгектенет. Жумушуна арабасы менен өзү эле барат же такси кызматын пайдаланат, мүмкүнчүлүк болгондо жолдошу жеткирип турат. Эжейдин кесибине болгон сүйүүсү окуучуларга болгон мамилесинен гана эмес, баскан кадамын да билинип турат. Муну кесиптештери: “Гүлнур сабакка майрамга келе жаткандай маанайы жарык, башкача сүйүнүч менен келет”, — деп баса белгилешет экен. Окуучулардын ар бирине жекече көңүл буруп,  чыгармачылык менен мамиле кылат, ар кандай мактоо сөздөрү менен шыктандырат. Мектепти аяктаганда англис тилин өздөштүрүүнү каалаган эжей биология багытында билим алган. Бирок жумушка орношуу үчүн барганда мектепте биология сабагы боюнча саат жетиштүү болгондугуна байланыштуу  география багыты бөлүнөт. Географияны  бат эле өздөштүрүп кеткен мугалим  азыр биологияны унутуп калганын айтып күлөт.

  • Кесибим мага ырахат тартуулап, күч-кубат берип турат, мугалимдик кесибимди сүйөм жана ушул кесиптин ээси экендигиме сыймыктанам, — деп дайыма, өзүнө жана башкаларга дем-күч берип, үлгү болуп келет.

Айгерим Токтобаева 

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер