СЫЙЛЫК – СЫЙМЫК
- 09.03.2020
- 0
Ош технологиялык университетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын мүчө-корреспонденти Атакулова Мээрим Абдыкеримовна көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана илимий-изилдөө иштериндеги жетишкендиктери үчүн Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын Академиги болуп шайланды.
Андан сырткары Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Эмгек сиңирген кызматкери” ардактуу наамы жана “Улуу Екатерина” ордени менен да сыйланды.
Бөлүшүү
Комментарийлер