«КООПСУЗДУК БИРИНЧИ МАСЕЛЕ». МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАГА БАЛДАРДЫ ТАРТУУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

  • 08.05.2024
  • 0

Сузак районунда отуздан ашык окуучу жабырланган окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар катышкан массалык иш чараларды токтотту. Анын ичинде аймактарда массалык түрдө «Манас» фестивалдарын өткөрүү да токтотулду. Мектептеги жана мектептен сырткаркы, кандай гана иш чаралар болбосун, окуучулардын коопсуздугун камсыздоого биринчи кезекте көңүл буруу керек болууда. 

Сузактагы окуучулар кырсыктаган окуядан кийин райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси убактылуу кызматтан четтетилди. Ошондой эле окуучулар арасында республикалык деңгээлде өтүп жаткан «Манас” айтуу фестивалы токтотулду.

“Кандай гана мамлекеттик чоң иш-чара болбосун, биз дайым өткөрүп келгенбиз. Мына, жакында эле Бишкек шаарынын күнү белгиленди. Балдарсыз өтпөйт. Мындан ары дагы ар бир бала катышкан иш-чараларды, ансыз деле керек болсо мектептерди ачканда балдарды массалык ишке тартпоону,  күндөн эси ооп жыгылган мезгилдер болгон, такыр тыюу салынган. Эми азыр бардык жерде балдар катышкан иш-чараларды токтоттук. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына дагы дайыма айтып келебиз. Балдарды негизсиз массалык иш-чарага тартууда сөзсүз түрдө коопсуздугун камсыз кылуу жагын дагы иштешибиз керек. Мындан ары бардык массалык иш-чараларга балдарды тартууга сергектик менен карап, коопсуздук маселесин биринчи иретке койбосо, мындан ары Билим берүү министрлиги эч кимге уруксат бербейт”,-деди билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева.

19-апрелден тарта бүткүл Кыргызстан боюнча “Манас” эпосун даңазалоо, кыргыз улутунун мурастык баалуулуктарын калыптандыруу, эл биримдигин, мекенчилдикти жана улуттун өзгөчөлүгүн даңазалаган ири фестиваль өтүп жаткан. Иш-чараны өткөрүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Сынактын жеңүүчүлөрүнө 3 млн сомдук байге коюлган. Акция ар бир район-шаарларда өтүп, аларга миңдеген окуучулар катышып жаткан.

«Манас» айтуу боюнча сынак Баткенден башталып, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында өтүп бүткөн. Каргашалуу окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында болбой калды.

Сузактагы кырсык

Бул окуя 2-майда түшкү саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагындагы Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда  болгон. «Манас” айтуу фестивалы өтүп жатканда «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, 32 бала жабыр тартты.

"КООПСУЗДУК БИРИНЧИ МАСЕЛЕ". МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАГА БАЛДАРДЫ ТАРТУУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алганын маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, кырсыктан жабыркап, абалы оор деген 10 бала атайын борт менен Бишкекке алып келинип, тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жаткырылды.

«Президент дарыгерлер, балдардын ата-энелери, жакындары менен сүйлөшүп, аларды дарылоого мыкты медиктерди тартып, дары-дармек менен толук камсыздоону тапшырды», — деп жазган Алагөзов.

Президенттик фонддон реанимациядагы балдардын үй-бүлөсүнө 200 миң сомдон, башка жабыркагандарга 50 миң сомдон жардам берилди.

Сузакта мектеп окуучулары кабылган кырсыктын чоо-жайын комиссия териштирүүдө.

“Бул ошол жергиликтүү бийлик органдарынын, “Манасты” уюштургандардын чоң шалаакылыгы деп эсептейм жана бул үчүн жоопкерчилик болуш керек. Кырсыкты бир күн ичинде биздин укук коргоо органдары, коопсуздук органдары жана прокуратура чогуу изилдеп чыктык. Бул ошол жерде коопсуздук сакталбаган шалаакылык деп эсептелинет. Ошол эле мезгилде уюштуруу иштеринде, балдардын коопсуздугун сактоодо өтө көп кемчиликтер кеткен. Ошол коопсуздук маселесин бузган жергиликтүү бийликтин жетекчилерин, же болбосо борбордук органдын жетекчилерин – кимиси болбосун, сөзсүз иликтеп, жоопко тартабыз”, — деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Балдардын саламаттыгы туруктуу

Сузактагы кырсыкта унаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынып, жарааты олуттуу экени айтылган тогуз жаштагы кызга Бишкекте операция жасалды.

"КООПСУЗДУК БИРИНЧИ МАСЕЛЕ". МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАГА БАЛДАРДЫ ТАРТУУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИСаламаттык сактоо  министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башка дарыгерлер операцияга катышкан. Министр Бейшеналиевдин “Кут Билим” медиа борборуна билдиргенине караганда учурда кыздын абалы туруктуу.

«Бул окуя менин жеке көзөмөлүндө турат, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырдым. Кызга операция ийгиликтүү жасалып, азыр абалы туруктуу. Башка жабыркагандардын баары дарыланып, компьютердик томографиядан, айрымдары лабораториялык изилдөөлөрдөн өттү. Кээ бирине көрсөтмөгө жараша операция жасалат”.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы жакшыргандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Ал эми бут сөөгү жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

Сузакта кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Алар менен Ош мамлекеттик университетинин,  Бишкек мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз улуттук университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин психологдору иштеп жатат.

Милиция окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, «Портердин» айдоочусу кармалган.

Ал Жерге-Тал айылынын Жунусов көчөсүнүн 1976-жылы туулган тургуну. Кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барган. Машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде унаа кокусунан жылып кеткен.

Манасчылык жеке адамга берилген касиет

Бул окуя окуучуларды ар кандай массалык иш- чараларга тартуунун өзү канчалык туура деген суроону козгоп, коомчулукта курч талкуулар жүрүүдө. Айрымдар массалык иш-чарага балдарды чогултуп алгандарды айыптаса, коопсуздукка көңүл бурулбаганын сынга алгандар да болууда. Ошондой эле буга ар кандай боёк сүртпөөгө чакырып, күтүүсүз кырсык катары карагандар да бар.

-Бул “Манас “ айтуу фестивалы абдан жакшы демилге, саамалык. Бирок коопсуздукту сактоо иш-чараларын бекем кароо зарыл эле. Учурда  коомчулук бир манасчыны угууга даяр эместей көрүнгөндүктөн жалпы “Манас” айтуу фестивалы жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан. Ушундай иш-чаралардын башында манасчылар турса мындан дагы таасирдүү, жеткиликтүү болмок. Тилекке каршы Талас облусунда өткөн фестивалга жергиликтүү 3 манасчы да чакырылган эмес. Манасчылык бул жеке адамдарга гана берилген касиет. Жалпы айтуу чакан тексттерди гана  жаттоо менен чектелген көрүнүш. Мындай иш-чарада манасчылар чогуу болсок жеткиликтүү болот эле. Фестивалда “Манас” театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков гана уюштуруучуларга жардам берип жүрдү,-дейт таластык манасчы  Камил Мамадалиев.

Манас улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев манасчылык өнөрдөгү салттуу негиздер боюнча докторлук диссертациясын жактаган. Анын айтымында, кыргыз элинин тарыхында хор менен манас айтуу болгон эмес.

"КООПСУЗДУК БИРИНЧИ МАСЕЛЕ". МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАГА БАЛДАРДЫ ТАРТУУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ«Мен муну окумуштуу катары дагы, манасчы катары дагы айта алам. Кайсы бир учурда кытайлык кыргыздар тарабынан чогулуп манас айткан учурлар болуптур. Ошону үлгү тутуп, бизде дагы бир нече жылдан бери хор менен манас айтуу салтка айланып калды. Атүгүл аспаптын коштоосунда дагы айтылган эмес»,- деп билдирди «Кут Билим» медиа борборуна Талантаалы Бакчиев.

Бир гана Кыргызстанда гана эмес Борбор Азияда жана шериктеш мамлекеттерде мектеп окуучуларын массалык маданий жана коомдук иш-чараларга тарткан адат кеңири жайылган.

Ошондуктан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров массалык иш-чараларды уюштурууга балдарды тартууга тыюу салууну тапшырды.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер