СУЗАКТА ЖАҢЫ МЕКТЕП

  • 30.08.2022
  • 0

Сузак районуна караштуу Боз-Чычкан айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Жаңы окуу жылында айылдын балдары заманбап үлгүдөгү мектепте билим алышат. №85 Ынтымак орто мектебинин ачылышына КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, “Ас-Санабил” кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып курулган. Жаңы имаратта спорт залы, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети сыяктуу бардык шарттар бар. Мектепте 28 мугалим 228 окуучуга билим тарбия берет.

СУЗАКТА ЖАҢЫ МЕКТЕП

Билим уясын куруу маселеси айыл элинин суроо-талаптарынын негизинде Камчыбек Ташиев тарабынан демилгеленген. Курулуш иштери жергиликтүү бийликтин көзөмөлү астында эки жылда бүткөрүлгөн. Каражатты “Ас-Санабил” кайрымдуулук фонду бөлгөн. Мындан сырткары, өкмөттөн 2 млн сом имараттын ички жасалгасына жана мектептин айланасын көрктөндүрүүгө жумшалган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер