Сузак районунунда түнкүсүн көчөдө жүргөн 76 өспүрүм аныкталды

  • 14.08.2023
  • 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөн 76 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абал ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, райондун аймагында «Түнкү өспүрүм» рейди өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө ата-энеси же аларды алмаштырган мыйзамдуу өкүлдөрү жок түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөр аныкталган.

Сузак райондук мамлекеттик администрациянын алдында уюшулган жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын кароосуна 63 материал жиберилди. Андан сырткары, 34 бузуулар боюнча протокол толтурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер