СУРАБАЛДИЕВА БАЙТИК АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН УУЛАНУУ СЕБЕБИН ИЛИКТЕП ЧЫГУУНУ ТАПШЫРДЫ

  • 10.12.2020
  • 0

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мектебиндеги 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды.

«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», — деди Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын ал-абалынан кабар алып жүрөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер