СУЛАЙМАН ТООДОГУ САЯКАТ САБАК

  • 06.05.2022
  • 0

Улуу педагог А.С.Макаренко «Балдарды адамдар да, буюмдар да, кубулуштар да тарбиялайт» деп айткандай, Ош шаарындагы «Сулайман тоо» улуттук тарыхый- археологиялык музей комплексине 5-6-7-8- класстардын  окуучулары менен саякатка чыктык.

Балдар ал жерден жаратылышыбыздагы ар кандай жаныбарлардын түрлөрүн,  ата- бабаларыбыздын колдонгон буюмдарын көрүп, түштүк жергебиздеги мекен үчүн кызмат кылган  мыкты инсандардын эмгектери менен таанышып, чоң таасирлерди алып, паркка барып, көңүлдүү маанайда кайтышты. Бул күнгө ыраазы болгон окуучулар ата-энелерине, англис тили мугалими Шакир кызы Апалга алкыш сөздөрүн айтышты. Мектепте мындай  саякат сабак жыл сайын май айында болуп турмакчы.

Назира ШАЙЛИЕВА, Кара-Суу району, Топ-Терек негизги мектеби

Бөлүшүү

Комментарийлер