Студенттик жатакана ачылды
- 11.09.2024
- 0
Эки жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун 75 орундуу студенттик жатаканасы толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди.
Буга чейин студенттер үчүн ыңгайсыздык жаратып келген жатакана заман талабына ылайык шартта өзгөртүлду.
Ректор Айдарбек Гыязов жаңы жатакананы өзү ачып, студенттер үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү окуу жайдын негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи.
Бөлүшүү
Комментарийлер