СТУДЕНТТИК ДОЛБООР ШКУга МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН КОНКУРСУНДА МЫКТЫ ДЕП ТАБЫЛДЫ

  • 17.06.2025
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти Карыпбаев Дастан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин инновациялар жана ишкердүүлүк боюнча жаштар конкурсунда өзгөчөлөндү.

Конкурс Кытай Эл Республикасынын Илим жана технология министрлиги тарабынан ШКУга мүчө мамлекеттердин Кытай технологиялар трансфери борборунун базасында «Шанхай Кызматташтык Уюмунун туруктуу өнүктүрүү жылынын» алкагында 2025-жылдын 8-9-июнунда КЭРдин Циндао шаарында өткөрүлдү. Карыпбаев Дастандын «Шамал энергиясынын негизинде чакан айыл чарба энерготутумдарын долбоорлоо жана оптималдаштыруу» темасындагы долбоору сынактын эң мыкты долбоорлорунун бири катары белгиленди.

СТУДЕНТТИК ДОЛБООР ШКУга МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН КОНКУРСУНДА МЫКТЫ ДЕП ТАБЫЛДЫ

«Инновациялар туруктуу өнүгүүнүн драйвери катары» урааны астында өткөн конкурстук программага Беларусия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Өзбекстан, Монголиядан өнөр жай калдыктарын кайра иштетүү, жаңы материалдарды иштеп чыгуу, жасалма интеллект, кайра жаралуучу энергетика, биомедицина сыяктуу багыттар боюнча технологиялык компаниялардын жана стартап-долбоорлордун өкүлдөрүнүн командалары катышышты.

Конкурс ШКУнун илимий-техникалык кызматташтык форумунун алкагында өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илимий уюмдары менен ШКУга мүчө мамлекеттердин технологиялар трансферинин Кытай борборунун ортосунда кызматташуу/өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду.

Бөлүшүү

Комментарийлер