Студенттерге дем берген Атайбек Бөдөшов

  • 05.02.2025
  • 0
Бүгүн, 5-февралда, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында жаштардын эстетикалык табитин өстүрүү, чыгармачылыгын жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатында КР эл артисти, профессор Атайбек Бөдөшов менен жолугушуу кечеси өттү.
Студенттерге дем берген Атайбек Бөдөшов
Иш-чарага Искусство жана дизайн факультетинин деканынын орун басары Айгүл Жолдошева, студенттик жатакананын жаштар иштери боюнча координатору Танзиля Абдыкалыкова жана маданий-эстетикалык борбордун директору Нуриса Абазова катышты.
Жолугушууда Атайбек Бөдөшов студенттер менен чыгармачыл жолу, ийгилик жаратуудагы талыкпаган эмгеги тууралуу баарлашып, жаштарга мотивациялык кеп-кеңештерин берди.
Студенттерге дем берген Атайбек Бөдөшов
Иш-чаранын соңунда студенттер Атайбек Бөдөшовдун ырларын аткарышты.
Бөлүшүү

Комментарийлер