СТУДЕНТТЕРДИН ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН СТИПЕНДИЯЛАРЫ ЖОГОРУЛАТЫЛАТ
- 13.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Аталган Жарлык кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окуган студенттерди, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан жарандарды социалдык жактан колдоо жана аларга материалдык дем берүүнү күчөтүү максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып жогоруда аталган билим берүү уюмдарындагы билим алуучуларга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү расмий түрдө жогорулатылат.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүп, «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууда зарыл болгон бюджеттик каражаттарды караштырууга тийиш.
Ошондой эле Президенттин 2005-жылдын 19-январындагы студенттердин жана окуучулардын стипендиясынын өлчөмүн жогорулатуу тууралуу мурдагы Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Президенттин Администрациясынын тиешелүү башкармалыгына жүктөлдү.
А.К., «КБ»