СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ ТӨЛӨМҮН КЫСКАРТУУ АЯР МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ  

  • 13.01.2021
  • 0

Студенттердин окуу төлөмүн азайтуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн маалымат жыйынында айтылды.

Жаңы окуу жылынын башынан бери студенттер аралыктан окуп жаткандыктан окуу төлөмүн кыскартуу маселеси коомчулукта байма-бай көтөрүлүп келет. Министрликтин өкүлдөрү окуу жайларда окуу процесси толук кандуу жүрүп жаткандыктан жана студенттердин контрагы жождордун негизги булагы болгондуктан, окутууну аралыктан өткөрүү үчүн дагы көптөгөн каражаттар жумшалып жаткандыктан, контрактты кыскартуу мүмкүн эмес экенин билдиришип, ата-энелерди жана студенттерди туура түшүнүүгө чакырышты.  Эгерде контракт кыскартыла турган болсо окутуучулардын эмгек акысын дагы кыскартууга туура келет. Айрым окуу жайлардын, өзгөчө региондогулардын жабылып калуу коркунучу дагы бар.  Ошондуктан бул маселеге кылдат мамиле керек жана билимдин сапатын ойлой турган болсок, контрактты кыскартууга болбойт.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер